2019жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматында 2018-жылкы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өткөрүлдү.

            МСЭКнын коллегиялык жыйынында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Разаков Жеңиш Парпиевич катышты.

            Коллегиялык жыйындын жүрүшүндө ведомствонун 2018-жылкы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, жакынкы мезгилге карай артыкчылыктуу милдеттери талкууланды.

            Вице-премьер-министр өзгөчө белгилегендей, соттук-эксперттик ишмердүүлүгү өлкөнүн укук коргоо жана сот тутумунун ажырагыс бөлүгү катары саналат жана өз алдынча мамлекеттик органды түзүү коомду демократиялаштыруу жана жарандардын мыйзамдык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо менен шартталган.

            Буга байланыштуу вице-премьер-министр экспертиза биринчи кезекте көзкарандысыз жана ведомствонун ар кыл кызыкчылыгынан эркин болуусу керектигин белгиледи.

            Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков соттук-эксперттик ишмердүүлүктү өркүндөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды жана сунуштарды берди:

            Анын айтымында, Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын иш алып баргандыгына аз убакыт өтсө да, анын ишинде экспертизаларды өткөрүү мөөнөтүнө байланыштуу айрым көйгөйлөр бар жана кадрлык камсыз кылуу.

            «Буга байланыштуу экспертизаларды өткөрүүнү тездетүү чараларын көрүү зарылдыгын көрсөткүм келет, себеби алардын мөөнөтүн создуктуруу кылмыш иштерин тергөөдө негизсиз башаламандыктарга жана күнөөлүү жактардын жоопкерчиликтен четтөөсүнө алып келет. Бул жагдайлар кызыкдар тараптардын негиздүү нааразычылыктарын жаратат», -деди Жеңиш Разаков.

            Вице-премьер-министр Кызматтын жетекчилигинин көңүлүн өзгөчө көңүл бурууга муктаж артыкчылыктуу милдеттерге бурду. Биринчи кезекте, бул жүргүзүлгөн соттук экспертизалардын түрлөрүн кеңейтүү, алардын сапатын жогорулатуу жана өткөрүү ыкмасын унификациялоо, методологиялык базаны өркүндөтүү, ошондой эле материалдык-техникалык шарттарды жакшыртуу.

            Вице-премьер-министр ошондой эле кошумчалагандай, Кызматтын ишмердигинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен жогорку компетенттүү адистерге муктаждык бар, «соттук-эксперттик ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелери боюнча эксперттерди даярдоого, алардын квалификациясын туруктуу жогорулатууга айрыкча көңүл бурууга тийиш», – деп баса көрсөттү ал.

            Коллегиялык жыйындын соңунда вице-премьер-министр Кызматтын ишмердигин өркүндөтүү, анын ичинде соттук-эксперттик ишмердикти өнүктүрүү Концепциясын иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.