Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын кызматкерлери Жердин эл аралык күнүнө карата административдик имараттын айланасын тазалоо иштерин өткөрдү

Жаз мезгили келиши менен салт болуп калгандай мекемелер тарабынан имараттардын айланасын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын кызматкерлери БУУнун эгидасында өткөрүлүүчү Жер-Энеси эл аралык күнү глобалдык майрамына карата кезектеги ишембилик өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө таштандылар чогултулуп, Кызматтын айланасындагы сугат тармагы тазаланып, клумбалар иретке келтирилип, ошондой эле дарактарды отургузуу иштери ишке ашырылды.