Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 «Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө» токтомуна ылайык, 15-сентябрынан 15-октябрына чейин «Улгайган курактагы адамдарга камкордук жана көңүл буруу» айлыгын ишке ашыруунун алкагында, МСЭКтин кызматкерлери Бишкектеги улгайгандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесине жардам көрсөтүү үчүн финансылык каражаттарды чогултушту

Мында, МСЭКтин төрагасынын орун басары Т.Т. Матсаков жана профсоюздук комитеттин төрагасы М.Д. Адылбеков мекеменин жетекчилиги жана жашоочулары менен жолгушуу жүргүзүлүп, ал жолугушуу учурунда аларга финансылык жардам үчүн чогултулган акча-каражаттары ыйгарылган.