2017-жылдын 11 декабрынан тарта 13 декабрына чейин БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматын бекемдөө» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматында Сербия Республикасынын Ички иштер министрлигинин Соттук экспертизалар борборунун өкүлдөрүнөн турган делегация иш сапары менен болду.

   

Бул иш сапардын алкагында сапат менеджментинин эффективдүү системасын уюштуруу жана киргизүү жана эл аралык ISO 17025, 17020, ILAK G19 стандарттарын колдонуу талкууланды. Мындан тышкары МСЭК кызматкерлерине жардыруу-техникалык жана химиялык экспертизалар боюнча сабак өткөрүлүп, экспертизалардын сапатына жооптуу кызматкерлери менен жолугушуулар болду.