Иш орундары


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы
бош кызмат орундарын ээлөө үчүн
КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Борбордук аппарат

Психолого-лингвистикалык жана дин таануу экспертизалары бөлүмү – 4 бош кызмат оруну;

Бөлүм башчысы – 1 бирдик; квалификациялык талаптар
Бөлүм башчысынын орун басары – 1 бирдик; квалификациялык талаптар
Дин таану экспертиза боюнча эксперти – 1 бирдик; квалификациялык талаптар
Психологиялык экспертиза боюнча эксперти – 1 бирдик; квалификациялык талаптар

Соттук-автотехникалык экспертизалар бөлүмү – 2 бош кызмат оруну;

Эксперт – 2 бирдик; квалификациялык талаптар

Курулуш-техникалык экспертизалар бөлүмү – 4 бош кызмат оруну;

Бөлүм башчысынын орун басары – 1 бирдик; квалификациялык талаптар
Курулуш-техникалык экспертизалар боюнча эксперти– 1 бирдик; квалификациялык талаптар
Автоунаа жолдорун курууну экспертизалоо боюнча эксперти – 1 бирдик; квалификациялык талаптар
Кыймылсыз мүлк объекттеринин наркын аныктоо боюнча эксперти– 1 бирдик; квалификациялык талаптар

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер берилиши керек:

  • бош кызмат орунун белгилөөсү менен жеке арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы , өмүр баяны, резюме, фотосүрөт;
  • соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат;
  • Арыз ээсинин жашаган дареги боюнча наркологиялык жана психиатриялык диспансерлер менен бир айлык мөөнөтүнөн кем эмес көрсөтүлүп берилген медициналык маалымкаттар;
  • сунуштама каттар (артыкчылыктуу) 
  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт). 
  • иш стажын, зарыл болгон кесиптик билимин жана квалификациясынын жогорулатуусун, эксперттик квалификациясын ыйгаруусун, окумуштуулук даражасынын жана окумуштуулук наамынын ыйгыруусун ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн (нотариалдык жактан  же   иштеген жериндеги персоналды башкаруу  боюнча кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, документтердин түп нускалары конкурска келген учурда көрсөтүлөт)

          Жарандар тарабынан берилген документтер жана маалыматтар белгиленген талаптарга жооп бербесе, ал жарандардын конкурска катышуусуна жол берилбейт. 
          Документтер конкурска катышуу үчүн кагаз тигилүүчү папканын ичине көктөп тигилип жана 2018-жылдын 13-февраль күнү саат 17:00 чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү 11, жалпы бөлүмүнө тапшырылыш керек.
          Маалыматтар үчүн телефон: 30-08-46.
          Конкурска киргизилген адамдарга конкурстун өткөрүлгөн орду жана убактысы жөнүндө кошумча кабарланат.