2018-жылдын 15-16 ноябрларында МСЭКке Эстониянын эксперттик-криминалистикалык илимий институтунун кызматкери – эксперт Пеэп Раузбергтин Европа Биримдигинин «ЕБ-аракети: бангизаттар жана уюшкан кылмыш топторго карышы алдыналуу маселелери боюнча ЕБнын аракеттери» проектисинин алкагында иш-сапары менен келип Кызматын бангизаттарды изилдɵɵ боюнча «стандарттык операционду процедураларды (СОП)» түзүүгɵ жардамын кɵрсɵттү.

Иш-спапарынын алкагында Кызматыбыздын эл-аралык аккредитациядан ɵтүүшүнɵ тешелүү суроолор талкуланган. Иш-сапарынын алкагында МЗБКЭ бɵлүмүнүн азыркы учурдагы абалы менен танышып чыгып, мындан аркы Кызмат менен Европа Биримдигинин «Проектисинин» алкагындагы иш-чараларды тыкыз кызматташтыктын маселелери каралып чыкты. Ошону менен бирге МЗБКЭ бɵлүмүнүн кызматкерлерине жаны психоактивдүү заттар «СПАЙСтар» тууралу кеңири семинар ɵткɵрүлдү.