2018-жылдын 20-апрелинде КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын төрагасынын орун басары А. Медеровдун АКШнын Мамлекеттик Департаментинин Укук коргоо ишитери жана баңги заттардын эл аралык жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Бюросунун өкүлү Брет Росс жана Кыргыз Республикасынын АКШ элчилигинин АКШнын Мамлекеттик Департаментинин Укук коргоо ишитери жана баңги заттардын эл аралык жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Бюросунун башчысы Сандип Пол менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө коноктор БУУ КББ жана МСЭКты менен биргелешкен долбоорун ишке ашыруу боюнча мүмкүн болгон чаралардын алкагында иштерин өркүндөтүү андан аркы кепилдемелерди иштеп чыгуу үчүн МСЭКнын учурдагы жагдайы жана ишмердүүлүгү менен таанышышты, криминалистикалык комплекстин экспертизаларды дайындоо лабораторияларда экскурсиялар өткөрүлдү, ошондой эле эл аралык аккредитацияны өтүүгө карата даярдыктарынын тиешелүү маселелери талкууланды.

Соттук-эксперттик ишинин өнүктүрүүсүнө көмөк көрсөтүү бөлүгүндө БУУ КББ жана МСЭКнын ортосундагы долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндөгү тыгыз кызматташтыкты улантууга өзгөчө көңүл бурулду.