СОТТУК-ЭКСПЕРТТИК ИШ ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1-глава. Жалпы жоболор

2-глава. Соттук-эксперттик уюмдун жетекчисинин жана экспертинин милдеттери жана укуктары

3-глава. Соттук экспертизаларды жүргүзүү

4-глава. Соттук-эксперттик уюмдардын ишин каржылык, уюштуруучулук, илимий-усулдук жана маалыматтык жактан

                 камсыз кылуу

5-глава. Соттук-эксперттик иш жаатында эл аралык кызматташтык

6-глава. Корутунду жоболор

 

 

1-глава
Жалпы жоболор

 

1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иштин укуктук негизин, уюштуруу принциптерин жана негизги багыттарын аныктайт, ошондой эле соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашырууда келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салат.

 

2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр

 

Соттук экспертиза – жазык, жарандык жана администрациялык иштер боюнча далилдөөгө жаткан жагдайларды белгилөө максатында эксперттин алдына коюлган илим, техника, искусство же өнөрчүлүк жаатында атайын билимдерди талап кылган маселелер боюнча эксперт тарабынан изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана корутунду берүүнү камтыган процесстик аракет.

Соттук эксперттин тыянагы – ал тарабынан экспертизанын объекттерине жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү талдоонун натыйжасында алынган, өзүнүн ички ынанымдарына негизделген, атайын таанып-билүүсүнүн базасында изилдөөнүн натыйжасы боюнча түзүлгөн, айкын маселе боюнча соттук эксперттин жазуу жүзүндө баяндалган ой корутундусу. Тыянактар бир маанилүү жана ыктымалдуу болушу мүмкүн.

Соттук эксперттин ыктымалдуу тыянагы – белгиленүүчү факт жөнүндө соттук эксперттин негиздүү божомолу (гипотезасы). Ыктымалдуу тыянак өз алдынча далилдөө маанисине ээ эмес.

Соттук эксперттин бир маанилүү тыянагы – факт жөнүндө соттук эксперттин айкын, ишенимдүү ой корутундусу камтылган тыянак.

Кошумча экспертиза – мурда жүргүзүлгөн соттук экспертизанын натыйжалары боюнча соттук эксперт алдыга коюлган бардык маселелерди чечпеген же болбосо кошумча маселелерди чечүү, же болбосо мурдагы изилдөөгө байланышкан объекттерди текшерүү зарыл болгон учурларда өткөрүлө турган, ошол эле же башка соттук экспертке тапшырылган соттук экспертиза.

Соттук эксперттин корутундусу – коюлган маселелер боюнча илимий негизделген тыянактар баяндалган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жол-жоболоштурулган процесстик документ жана далилдин түрү.

Соттук эксперттин квалификациясы – соттук экспертизанын белгилүү түрүн жүргүзүү үчүн соттук экспертте зарыл билимдин, иш билгиликтин, кесиптик көндүмдөрдүн жана тажрыйбанын болушу.

Комиссиялык экспертиза – бир адистиктеги бир нече соттук эксперттер тарабынан өткөрүлүүчү соттук экспертиза.

Комплекстүү экспертиза – өздөрүнүн компетенциясынын чектеринде ар түрдүү адистиктеги эксперттер тарабынан өткөрүлүүчү соттук экспертиза.

Баштапкы экспертиза – маселени чечүү үчүн иш боюнча алгач өткөрүлгөн соттук экспертиза.

Кайталанган экспертиза – мурдагы соттук экспертизанын натыйжалары боюнча соттук эксперттин корутундусу соттук эксперттин тыянактарынын тууралыгына негиздүү шектенүүлөрдү пайда кылган же болбосо мурдагы соттук экспертизаны жүргүзүүнүн процесстик ченемдери бузулган учурларда өткөрүлүүчү соттук экспертиза.

Изилдөө объектинин бузулушу – изилдөөлөрдү өткөрүүдө физикалык, химиялык, биологиялык ыкмаларды колдонуунун натыйжасында объекттин касиеттеринин жана абалынын өзгөрүүсү.

Соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификаты – соттук-эксперттик изилдөөнү жүргүзүүгө тийиштүү эксперттик адистиги боюнча квалификациясын ырастоочу жеке адамга берилүүчү документ.

Соттук эксперттин компетенттүүлүгүн сертификациялоо – соттук-эксперттик изилдөөлөрдү белгилүү бир түрүн жүргүзүүдө коюлуучу талаптарга жеке жактын компетенттүүлүгүнүн ылайык келүүсүн белгилөө жана соттук экспертизаны жүргүзүүдө айкын аракеттерди талаптагыдай жүзөгө ашырууга анын мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо.

Соттук эксперттин адистиги – белгилүү бир билимге жана атайын эксперттик даярдыкка ээ адам тарабынан экспертиза объекттеринин белгилүү бир жаатын, түрүн жана түркүмүн изилдөө көндүмдөрүнө (предметтик адистешүү) же ушул экспертизанын объекттерин изилдөө ыкмаларын колдонуу көндүмдөрүнө (ыкмалык адистешүү) ээ болуу процесси жана натыйжасы.

Соттук-эксперттик иш – жазыктык, жарандык же администрациялык процесстердин катышуучулары болуп саналган жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн соттук экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү боюнча иш.

Соттук эксперт – илим, техника, искусство же өнөрчүлүк жаатында атайын билимдерге ээ, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ага соттук экспертизаны жүргүзүү тапшырылган, иштин бүтүшүнө кызыкдар болбогон адам.

Соттук-эксперттик иликтөө – тыянакты (корутундуну) туюндуруу менен аяктаган таанып билүү процесси, соттук эксперт тарабынан жүргүзүлгөн тигил же бул материалдарды иликтөө. Эксперттик иликтөө атайын билимдин негизинде жана иликтөөгө келип түшкөн объекттерге карата тиешелүү ыкмаларды жана усулдарды колдонуу аркылуу эксперттин компетенциясына ылайык жүзөгө ашырылат.

Атайын билимдер – айкын илим, техника, искусство же өнөрчүлүк жаатында атайын даярдык жана (же) кесиптик тажрыйба жолу менен ээ болгон теориялык билимдердин жана практикалык көндүмдөрдүн системасы.

 

3-берене. Соттук-эксперттик иш жөнүндө мыйзамдар

 

Кыргыз Республикасынын соттук-эксперттик иш жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик, Жарандык-процесстик кодекстеринен, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинен, ушул Мыйзамдан жана соттук экспертизаларды уюштурууну, дайындоону жана жүргүзүүнү регламенттөөчү башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

 

4-берене. Соттук-эксперттик иштин принциптери

 

Соттук-эксперттик иш төмөнкү принциптерге негизденет:

1) мыйзамдуулукка;

2) адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына;

3) соттук эксперттин көз карандысыздыгына;

4) калыстыкка;

5) изилдөөлөрдүн ар тараптуулугуна жана толуктугуна;

6) соттук эксперттин кесиптик этикасынын сакталышына;

7) соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө илимий-техникалык каражаттарды жана ыкмаларды пайдалануу мүмкүндүгүнө.

 

5-берене. Соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашырууда мыйзамдуулуктун

сакталышы

 

Соттук-эксперттик иш Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

Ушул Мыйзамдын талаптарынын бузулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

 

6-берене. Соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашырууда адамдын жана

жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы

 

Соттук-эксперттик иш жарандардын тең укуктуулугун, алардын эркиндигин жана жеке кол тийгистигин, жеке турмушунун кол тийгистигин, жеке жана үй-бүлөлүк жашыруун сырына, абийирин жана ар-намысын коргоого конституциялык укуктарын, ошондой эле адамдын жана жарандын башка мыйзамдуу укуктарын жана эркиндиктерин сактоодо жүзөгө ашырылат.

 

7-берене. Соттук эксперттин көз карандысыздыгы

 

Экспертиза жүpгүзүүдө соттук эксперт көз карандысыз жана экспертизаны дайындаган органдан же жактан, иштин бүтүшүнө кызыкдар башка адамдардан кандайдыр бир көз каранды болушу мүмкүн эмес. Эксперт өзүнүн адистик билимине ылайык жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжаларына негизденип корутунду берет.

Сот, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарга, уюмдарга, бирикмелерге, ошондой эле жеке жактарга соттук экспертизаны жүргүзүүгө кийлигишүүгө тыюу салынат.

Соттук эксперттин ишине кийлигишкен учурда, адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

 

8-берене. Изилдөөлөрдүн калыстыгы, ар тараптуулугу жана толуктугу

 

Соттук эксперт изилдөөлөрүн илимий жактан так жана тажрыйбага таянган негизде, тиешелүү адистигинин чектеринде, ар тараптуу жана толук көлөмдө жүргүзүүгө милдеттүү.

Соттук эксперттин корутундусу жалпы кабыл алынган илимий жана тажрыйбалык маалыматтардын базасында аларды текшерүүгө мүмкүнчүлүк берген жоболорго негизденүүгө тийиш.

 

9-берене. Соттук эксперттин кесиптик этикасынын сакталышы

 

Соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө соттук эксперттин кесиптик этикасынын нормалары сакталууга тийиш.

 

10-берене. Соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн каражаттарын

жана ыкмаларын пайдалануунун мүмкүндүгү

 

Соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө илимий-техникалык каражаттарды жана ыкмаларды пайдаланууга жол берилет, эгерде алар:

1) мыйзамда түздөн-түз каралса же анын ченемдерине жана принциптерине карама-каршы келбесе;

2) илимий жактан далилдүү болсо;

3) соттук экспертизаны жүргүзүүнүн натыйжалуулугун камсыз кылса;

4) коопсуз болсо.

 

11-берене. Соттук-эксперттик иштин мазмуну

 

Соттук-эксперттик иш төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) жазык, жарандык жана администрациялык иштер боюнча соттук экспертизаларды жүргүзүүнү;

2) соттук экспертиза жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана илимий-усулдук камсыз кылууну;

3) соттук экспертизанын теориясын жана тажрыйбасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын түзүүнү;

4) соттук эксперттин ведомстволук караштуулугуна карабастан эксперттик изилдөөлөрдүн сапатын бирдиктүү усулдук контролдоону жүзөгө ашырууну.

 

12-берене. Изилдөө объекттери

 

1. Буюм далилдери, документтер, предметтер, өлүктөр жана алардын бөлүктөрү, жаныбарлар, салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөр, системалар, технологиялар, маалыматтык массивдер, ошондой эле алар боюнча соттук экспертиза жүргүзүлүп жаткан иштин материалдары изилдөөлөрдүн объекттери болуп саналат.

Изилдөөлөр ошондой эле тирүү адамдарга карата да жүргүзүлөт.

2. Изилдөөлөрдү жүргүзүүдө буюм далилдери жана документтер изилдөөлөрдү жүргүзүү жана корутунду берүү үчүн зарыл өлчөмдө гана, соттук экспертизаны дайындаган органдын (жактын) уруксаты менен бузулушу же пайдаланылышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн уруксат соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо же аныктамада камтылууга тийиш.

Соттук экспертизаны дайындаган органдын (жактын) уруксаты менен буюм далилдеринин жана документтердин бузулушу алардын менчик ээсине келтирилген зыяндын ордун соттук-эксперттик уюмдар же эксперт тарабынан толтурулушуна алып келбейт.

3. Эгерде изилдөө объектин соттук-эксперттик мекемеге ташуу мүмкүн болбогон учурда, соттук экспертизаны дайындаган орган же жак экспертке объектке тоскоолдуксуз барышын жана аны изилдөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

 

13-берене. Соттук-эксперттик уюмдар

 

1. Соттук-эксперттик уюмдар мамлекеттик жана мамлекеттик эмес болушу мүмкүн.

2. Соттук экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү аркылуу соттордун, алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн органдардын, тергөөчүлөрдүн жана прокурорлордун ыйгарым укуктарынын аткарылышын камсыз кылуу үчүн түзүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын адистештирилген мекемелери (укук коргоо органдарынын бөлүмдөрү) мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар болуп саналышат.

3. Соттук-эксперттик иши негизги болуп саналган уюмдар мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар болуп таанылат. Соттук-эксперттик уюмдун штатында алар үчүн ушул иш орду негизги болуп саналган эксперттер турууга жана алардын квалификациясынын деңгээли белгиленген тартипте берилген компетенттүүлүк сертификаты менен ырасталууга тийиш.

Бул уюмдар соттук-эксперттик ишке катышуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылуучу соттук экспертиза чөйрөсүндөгү сапаттын улуттук стандарттарына ылайык келүүсүнө аккредитацияланууга жатат.

Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар тарабынан гана жүргүзүлүүчү экспертизалардан башка, соттук экспертизалардын бардык түрлөрүн өткөрүшөт.

Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар экспертизалардын төмөнкүдөй түрлөрүн өткөрүшпөйт:

1) баллистикалык экспертизаны;

2) адам издеринин экспертизасын;

3) бүтүнгө бөлүктөр боюнча экспертизаны;

4) жарылуучу техникалык экспертизаны;

5) өрт-техникалык экспертизаны;

6) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун экспертизасын;

7) люминофорлордун экспертизасын;

8) стационардык соттук-психиатриялык экспертизаны;

9) өлүктөрдүн экспертизасын;

10) дарыгерлердин кесиптик иштериндеги укук бузуулар боюнча экспертизаны;

11) жазык иштери боюнча – автотехникалык экспертизаны;

12) жазык иштери боюнча – транспорттук-трассологиялык экспертизаны;

13) жазык иштери боюнча – курулуш-техникалык экспертизаны.

Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар өздөрүнүн уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн аталышын гана пайдаланууга жана өзүнүн аталышында "мамлекеттик эмес соттук-эксперттик" деген сөздөрдү пайдаланууга тийиш.

4. Бир жана ошол эле профилдеги мамлекеттик жана мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар эксперттик тажрыйбага, эксперттердин кесиптик даярдыгына жана адистешүүсүнө бирдей илимий-усулдук мамиле жасоонун негизинде соттук экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашырат.

5. Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар соттук экспертизаны өздөрү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталган профилге ылайык өткөрүшөт.

6. Соттук эксперттин адистигинин алкагынан чыккан жана соттук-эксперттик уюмдар тарабынан өткөрүлбөгөн экспертизалардын айрым түрлөрүн өткөрүү үчүн сот экспертизасын дайындаган жактын же органдын чечими боюнча сот эксперттеринен тышкары тиешелүү билимге ээ башка адистер да мыйзамда белгиленген тартипте тартылышы мүмкүн.

7. Соттук-эксперттик уюмдардын башка мамлекеттер үчүн соттук экспертиза уюштуруу жана жүргүзүү боюнча иши Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.

 

14-берене. Соттук эксперт

 

1. Соттук эксперт катарында мамлекеттик соттук эксперт, мамлекеттик эмес соттук эксперт же зарыл атайын билимдерге ээ башка адам чыга алат.

Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу тартибинде соттук экспертизаны жүргүзгөн соттук-эксперттик уюмдун кызматкери мамлекеттик жана мамлекеттик эмес соттук эксперт болуп саналат.

Укук коргоо органдарынын бөлүмчөлөрүнүн эксперттерин кошпогондо, мамлекеттик соттук эксперт мамлекеттик кызматчы болуп саналбайт.

2. Соттук эксперт катары ишке катышуу үчүн тартылган, кайсы бир соттук-эксперттик уюмдун штатында турбаган адам соттук экспертизаны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны дайындаган органдын (жактын) тапшырмасын аткаруу тартибинде жүргүзөт.

3. Соттолгондугу жоюлбаган же алып салынбаган адамдар соттук эксперт катары тартылышы мүмкүн эмес.

Тиешелүү юридикалык фактынын күнүнөн тартып 3 жыл бою төмөнкү адам соттук эксперт боло алышпайт:

1) соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлган же алынган;

2) мамлекеттик кызматтан, прокуратура органдарынан, башка укук коргоо органдарынан, соттордон жана соттук-эксперттик уюмдардан тартиптик жосун жасаганы үчүн бошотулган;

3) соттук-эксперттик иши менен алектенүүгө компентенттүүлүк сертификатынан ажыратылган;

4) соттук-эксперттик иши менен алектенүүгө компентенттүүлүк сертификатынын колдонулушу токтотулган.

4. Соттук эксперт өзүнө тапшырылган соттук экспертизанын предметине таандык жана корутунду берүү үчүн мааниси бар маселелер боюнча гана иштин жагдайларын изилдөөгө катышат.

Алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн органдар, тергөө, сот жана тараптар соттук териштирүүдө соттук экспертке ага тапшырылган соттук экспертизага жана ал берген корутундуга байланыштуу гана кайрылууга укуктуу.

Соттук эксперт өзү берген корутунду жана жеке өзү жүргүзгөн изилдөөлөр боюнча гана суракка алынышы мүмкүн.

Соттук экспертти ал корутунду бергенге чейин суракка алууга тыюу салынат.

 

15-берене. Эксперттерге коюлуучу кесиптик жана квалификациялык

талаптар

 

1. Кыргыз Республикасынын атайын билимге ээ жараны эксперт боло алат.

2. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдарда эксперттин кызмат ордун жогорку кесиптик билими бар жана кийин айкын эксперттик адистик боюнча даярдыктан өткөн жаран ээлей алат. Эксперттердин кесиптик даярдыгынын деңгээлин аныктоо эксперттик-квалификациялык комиссиялар тарабынан жүзөгө ашырылат. Эксперттердин кесиптик даярдыгынын деңгээли көрсөтүлгөн комиссиялар тарабынан ар бир 5 жылда кайра кароого жатат.

 

16-берене. Соттук экспертти сертификациялоо

 

1. Соттук эксперттер ар бир 5 жылда компетенттүүлүккө сертификацияланууга жатат.

Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу жана белгилүү бир эксперттик адистик боюнча соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификатын берүү эксперттик-квалификациялык комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификатын берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, токтото туруунун, колдонулушун токтотуунун жана ажыратуунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

17-берене. Эксперттик-квалификациялык комиссия

 

1. Эксперттик-квалификациялык комиссия мамлекеттик соттук эксперттин же мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдун соттук экспертинин компетенттүүлүгүнүн сертификатын берүү, берүүдөн баш тартуу, токтото туруу, колдонулушун токтотуу же болбосо ажыратуу жөнүндө чечимди кабыл алат.

2. Эксперттик-квалификациялык комиссия соттук-эксперттик мекемелердин өкүлдөрүнөн жана 5 жылдан кем эмес эксперттик иштеги стажы бар соттук эксперттерден түзүлгөн туруктуу курамга ээ болот.

3. Комиссияда соттук экспертизанын айрым жааттары (түрлөрү) же болбосо айкын эксперттик багыттар боюнча секциялар түзүлөт.

4. Комиссиянын курамына аткаруу бийлигинин башка органдарынын, илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайларынын эксперттик кызматтарынын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.

5. Эксперттик-квалификациялык комиссиянын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

18-берене. Соттук эксперттердин жана соттук-эксперттик

изилдөөлөрдүн усулдарынын мамлекеттик реестрлери

 

1. Соттук-эксперттик уюмдардын кызматкерлери болуп саналган соттук эксперттер жөнүндө маалыматтар Соттук эксперттердин мамлекеттик реестрине киргизилет, аны түзүүнүн жана пайдалануунун максаттары, тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. Ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, тергөөчү, прокурор, алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн орган, сот соттук экспертиза жүргүзүүнү Соттук эксперттердин мамлекеттик реестрине ал жөнүндө маалымат киргизилген соттук экспертке тапшырышат.

3. Соттук эксперттин компентенттүүлүгүнүн сертификатын токтото туруу, колдонулушун токтотуу жана ажыратуу жөнүндө маалыматтар Соттук эксперттердин мамлекеттик реестрине киргизилет.

4. Ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берген соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн усулдары жөнүндө маалыматтар Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн усулдарынын мамлекеттик реестрине киргизилет, аны түзүүнүн жана пайдалануунун максаттары, тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

2-глава
Соттук-эксперттик уюмдун жетекчисинин жана экспертинин милдеттери жана укуктары

 

19-берене. Соттук-эксперттик уюмдун жетекчисинин милдеттери

 

1. Соттук-эксперттик уюмдун жетекчиси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомду же аныктаманы алгандан кийин ушул уюмдун коюлган маселелерге жоопторду берүү үчүн талап кылынган көлөмдө атайын билимдерге ээ айкын экспертине же эксперттер комиссиясына аны жүргүзүүнү тапшырууга;

2) экспертке жана эксперттер комиссиясына алардын милдеттерин жана укуктарын түшүндүрүүгө;

3) соттук экспертизаны дайындаган органдын (жактын) тапшыруусу боюнча экспертти атайылап жалган корутунду бергендиги жана корутунду берүүдөн баш тарткандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө эскертүүгө, андан тиешелүү кол кат алууга жана аны эксперттин корутундусу менен бирге соттук экспертизаны дайындаган органга (жакка) жөнөтүүгө;

4) эксперттин көз карандысыздык принцибин бузбоо менен, соттук экспертизаларды жүргүзүү мөөнөттөрүнүн сакталышын, өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн толуктугун жана сапатын контролдоону камсыз кылууга;

5) изилдөөлөрдү аяктоо боюнча соттук экспертизаны дайындаган органга (жакка) эксперттин корутундусун, изилдөө объекттерин жана иштин материалдарын жөнөтүүгө;

6) изилдөөлөрдүн жана алардын натыйжаларынын жашыруундуулугун сактоо үчүн зарыл шарттарды камсыз кылууга;

7) соттук экспертизаны уюштурууга жана жүргүзүүгө байланыштуу өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, анын ичинде жарандардын конституциялык укуктарын бузушу мүмкүн болгон маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сырларды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоого.

2. Жетекчи изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон төмөнкүдөй шарттарды камсыз кылууга милдеттүү:

1) коопсуздук техникасынын жана өндүрүштүк санитариянын эрежелеринин сакталышын;

2) берилген изилдөө объекттеринин жана иштин материалдарынын сакталышын.

3. Жетекчи төмөнкүлөргө укуксуз:

1) соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомсуз соттук экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл изилдөө объекттерин жана иштин материалдарын талап кылууга;

2) соттук экспертизаны дайындаган орган (жак) менен макулдашпастан аны жүргүзүүгө ушул уюмда иштебеген адамдарды өз алдынча тартууга;

3) айкын соттук экспертиза боюнча тыянактардын мазмунун алдын-ала белгилеген көрсөтмөлөрдү экспертке берүүгө.

 

20-берене. Соттук-эксперттик уюмдун жетекчисинин укуктары

 

Жетекчи төмөнкүлөргө укуктуу:

1) эгерде ушул уюмда айкын адистиктеги эксперт, зарыл материалдык-техникалык база же болбосо изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн атайын шарттар жок болсо, артка кайтаруунун жүйөөлөрүн көрсөтүү менен соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомду (аныктаманы) аткарбастан аны жүргүзүү үчүн берилген изилдөө объекттерин жана иштин материалдарын кайтарууга;

2) эгерде алардын атайын билими корутунду берүү үчүн зарыл болсо, соттук экспертизаны дайындаган органга (жакка) ушул уюмда иштебеген адамдарды эксперттик комиссиянын курамына киргизүү жөнүндө өтүнүч жасоого;

3) соттук экспертизаны дайындаган органга (жакка) чет мамлекеттин соттук экспертин тартуу жөнүндө өтүнүч жасоого;

4) соттук экспертизаны жүргүзүүнү соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо же аныктамада көрсөтүлгөн башка уюмдардын катышуусу менен уюштурууга;

5) соттук экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү менен байланышкан милдеттеринин жана укуктарынын бир бөлүгүн өзүнүн орун басарына, ошондой эле өзү жетектеген уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисине өткөрүп берүүгө;

6) соттук экспертизаны дайындаган органдан (жактан) төмөнкүлөргө байланышкан чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга:

а) изилдөө объекттери ушул соттук-эксперттик уюм тарабынан өз убагында алынбагандыгы үчүн айыптарды кошпогондо, соттук экспертизага келип түшкөн изилдөө объекттерин транспорт уюму тарабынан сактагандыгы үчүн компенсация менен;

б) почта чыгымдарын кошпогондо, объекттерди алар изилденгенден кийин жеткирүү менен;

в) соттук экспертизаны жүргүзүү аяктагандан кийин соттук-эксперттик уюмда изилдөө объекттерин сактоо менен;

г) эгерде соттук экспертизаны дайындаган орган (жак) жетекчиге көрсөтүлгөн объекттер менен иштөөнүн өзүнө белгилүү атайын эрежелери жөнүндө билдирбесе же эгерде алар талаптагыдай таңгакталбаган болсо, ушул соттук-эксперттик уюмга жогорку коркунучтагы объекттердин келип түшкөндүгүнүн натыйжасында болгон жарылуулардын, өрттөрдүн жана башка күтүүсүз кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен;

д) эксперттин кыймылсыз же ташып келүүгө мүмкүн болбоочу объект жайгашкан жерге баруу менен.

 

21-берене. Эксперттин укуктары жана милдеттери

 

1. Эксперт төмөнкүлөргө укуктуу:

1) тиешелүү соттук-эксперттик уюмдун жетекчисине соттук экспертизаны жүргүзүүгө башка эксперттерди тартуу жөнүндө өтүнүч жасоого;

2) процесстин катышуучулары тарабынан анын корутундусу же көрсөтмөлөрү туура эмес түшүнүүлөрүнүн жүйөөсү боюнча тергөө аракетинин же сот жыйынынын протоколуна киргизилүүгө жаткан билдирүүлөрдү жасоого;

3) эркин билген тилде корутундуну жана жоопторду берүүгө жана алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн адам, тергөөчү, прокурор же сот дайындаган котормочунун кызматынан пайдаланууга;

4) соттук экспертизанын предметине тиешелүү иш материалдары менен таанышууга жана кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч берүүгө;

5) соттук экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) баяндалган маселенин туюндурулушун тапшырманын маңызын өзгөртпөстөн корутундуда өзгөртүүгө. Маселени адегендеги туюндурмасына кайра келтиргенден кийин бул маселе соттук эксперт тарабынан өз компетенциясына жана атайын билимдерине ылайык кандай түшүнүлөөрү көрсөтүлөт;

6) эксперттик изилдөөнүн усулун өз алдынча тандоого жана ушул соттук экспертизаны талаптагыдай жүргүзүү максатында зарыл учурда илимий изилдөөлөрдү жана эксперименттерди өткөрүүгө;

7) корутунду берүү үчүн мааниге ээ далилдерди изилдөө үчүн зарылдыктын чектеринде соттук жыйналышка өзүнүн катышуу убактысын чектөө жөнүндө соттон суранууга, же андай изилдөөнү соттук-эксперттик уюмдун шарттарында өткөрүү зарылдыгы жөнүндө билдирүүгө;

8) өзүн суракка алуу протоколу менен таанышууга жана протоколго киргизүүгө жаткан сын-пикирлерди айтууга, суракка алууда өзүнүн жоопторун өз колу менен жазып берүүгө;

9) эгерде соттук экспертиза комиссиялык болуп өткөрүлсө, башка соттук эксперттер менен кеңешүүгө;

10) соттук экспертизаларды жүргүзүүдө өзгөчө пикирин баяндоого;

11) алар боюнча өзүнө суроо коюлбаган, иш үчүн олуттуу мааниге ээ болгон соттук экспертизаны жүргүзүүдө белгиленген жагдайларга өз демилгеси боюнча кошумча суроолорду коюуну кошуп алганда өз корутундусунда көрсөтүүгө;

12) соттук экспертизаны дайындаган органдын (жактын) уруксаты менен тергөө же соттук аракеттерди өткөрүүгө катышууга жана соттук экспертизанын предметине тиешелүү өтүнүч жасоого;

13) эгерде алар соттук эксперттин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузса, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун же соттук экспертизаны дайындаган башка адамдардын аракеттерине жана чечимдерине мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;

14) соттук экспертизаларды жүргүзүүгө байланышкан чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга;

15) соттук экспертизаны жүргүзүүдөн баш тартууга, эгерде:

а) изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн зарыл шарттарынын жоктугунун кесепетинен соттук эксперттин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келсе;

б) соттук эксперттин көз карандысыздыгынын принциби бузулса;

в) илимдин өнүгүшүнүн заманбап деңгээли коюлган суроолорго жооп берүүгө мүмкүндүк бербесе;

16) ушул Мыйзамдын 30-беренесинде көрсөтүлгөн шарттарда корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүгө.

Эксперт ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү процесстик мыйзамдарында каралган башка укуктарга да ээ.

2. Эксперт төмөнкүлөргө укуксуз:

1) соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) көрсөтүлбөгөн буюмдук далилдерди жана иштин материалдарын изилдөөгө;

2) соттук экспертиза жасалып жаткан жазык, жарандык жана администрациялык иштин материалдарын кызматтык жайдан тышкары сактоого;

3) өзүнө тапшырылган соттук экспертизаны жүргүзүүгө башка соттук эксперттерди же адамдарды тартууга;

4) эгерде бул анын иштин кандай бүтүшүнө кызыкдар эместигине шек келтире турган болсо, экспертиза дайындаган органдын (жактын) макулдугусуз процесстин катышуучулары менен жеке байланыш түзүүгө;

5) ишке тиешелүү, бирок мыйзамда белгиленген тартипте өзүнө берилбеген материалдарды өз алдынча чогултууга жана алып коюуга;

6) чечилиши анын компетенциясына кирбеген маселелер боюнча корутундуларды, түшүндүрмөлөрдү, сунуштарды берүүгө;

7) аны дайындаган органды (жакты) кошпогондо, соттук экспертизанын натыйжалары жөнүндө кимдир-бирөөгө билдирүүгө;

8) соттук экспертизаны дайындаган органдын (жактын) уруксатысыз изилдөө объекттерин жок кылууга же болбосо алардын касиетин сезилерлик өзгөртүүгө.

3. Эксперт төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) тиешелүү соттук-эксперттик уюмдун жетекчиси тарабынан тапшырылган соттук экспертизаны жүргүзүүгө кабыл алууга;

2) өзүнө берилген объекттерди жана иштин материалдарын толук изилдөөгө, анын компетенциясына кирген, өзүнүн алдына коюлган маселелер боюнча негиздүү жана калыс корутунду берүүгө;

3) сот экспертизасын дайындаган органды (жакты) изилдөөнүн көлөмүн кеңейтүүнүн, анын ичинде жаңы соттук эксперттерди тартуу жана башка экспертизаларды жүргүзүү жолу менен кеңейтүүнүн зарылдыгы жөнүндө күбөлөндүрүүчү, өзү аныктаган бардык фактылар тууралуу кабардар кылууга;

4) алар изилдөөнүн мүнөзүнө байланыштуу болгон учурларда, алардын максималдуу сакталышын камсыз кылуу менен, буюм далилдеринин бузулушуна жана жараксыз болушуна жол бербөөгө;

5) сот экспертизасын жүргүзүүгө байланыштуу өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, анын ичинде жарандардын конституциялык укуктарын чектеши мүмкүн болгон маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам аркылуу корголгон башка сырларды түзгөн маалыматтарды, ошондой эле иштин материалдарынын маалыматтарын ачыкка чыгарбоого;

6) берилген изилдөө объекттеринин жана иштин материалдарынын сакталышын камсыз кылууга.

 

22-берене. Соттук эксперттин жоопкерчилиги

 

1. Соттук эксперт өзүнүн атайын билимине ылайык жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжаларына баа берүүнүн негизинде өз атынан корутунду берет жана ал үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

2. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай жана (же) өз убагында аткарбаганы үчүн соттук эксперт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, администрациялык же жазык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

3. Алган эксперттик адистиги боюнча компетентсиздиги ашкереленгенде эксперт компетенттүүлүк сертификатынан ажыратылышы мүмкүн.

 

23-берене. Соттук экспертизаны уюштуруудагы жана жүргүзүүдөгү

чектөөлөр

 

1. Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында каралган негиздер бар болгондо эксперт соттук экспертизаны жүргүзүүгө катышуудан четтетилүүгө тийиш жана аны жүргүзүүнү токтоосуз токтотууга милдеттүү.

2. Тирүү адамга карата соттук экспертизаны жүргүзүүгө, аны дайындаганга чейин ошол адамга медициналык жардам көрсөткөн дарыгер катыша албайт. Көрсөтүлгөн чектөө адамды түздөн-түз текшерүүсүз жүзөгө ашырылуучу соттук-медициналык же соттук-психиатриялык экспертизаны жүргүзүүдө да колдонулат.

 

3-глава
Соттук экспертизаларды жүргүзүү

 

24-берене. Соттук-эксперттик уюмда соттук экспертизаны дайындоо

жана жүргүзүү үчүн негиздер

 

1. Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында каралган соттук экспертизанын милдеттүү дайындоо учурларын кошпогондо, атайын билимдердин негизинде изилдөөнү өткөрүү жолу менен иштин жагдайын белгилөөнүн зарылдыгы соттук экспертизаны дайындоо үчүн негиз болуп саналат. Соттук экспертизаны дайындоо зарылдыгы тергөөчү, прокурор, алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн орган, сот тарабынан өз алдынча же болбосо айкын материалдардын же иштин материалдарынын болушуна жараша кызыкдар адамдардын өтүнүчү боюнча аныкталат. Соттук экспертиза тиешелүү токтом (аныктама) чыккан күндөн тартып дайындалган болуп эсептелет.

Соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык чыгарылган токтом (аныктама) жана аны жүргүзүүнү айкын соттук экспертке же соттук-эксперттик уюмга тапшыруу соттук экспертизаны жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.

2. Соттук экспертизаны дайындаган орган (жак) эксперттин изилдөөлөрдү жүргүзүүсү жана корутунду берүүсү үчүн зарыл изилдөө объекттерин жана иштин материалдарын берет.

Соттук экспертизаны дайындаган орган (жак) салыштырмалуу изилдөө үчүн үлгүлөрдү алат жана аларды Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке тиркейт. Зарыл учурларда үлгүлөрдү алуу соттук экспертизаны жүргүзүү тапшырылган эксперттин же адистин катышуусунда жүзөгө ашырылат.

3. Эгерде үлгүлөрдү алуу изилдөөнүн бир бөлүгү болуп саналган учурда жана соттук экспертизага сунушталган объекттерди пайдалануу менен эксперт тарабынан жүзөгө ашырылса, соттук экспертиза бүткөрүлгөндөн кийин үлгүлөр аны дайындаган органга (жакка) жөнөтүлөт, же болбосо белгилүү бир убакка соттук-эксперттик уюмда сакталат.

Соттук эксперттин алдына чечүүгө коюлган маселелер дайындалуучу соттук экспертизанын түрүнүн компетенциясына ылайык туюндурулат жана соттук экспертиза дайындалган учурундагы иштин айкын, белгилүү жагдайларына негизденет. Маселелер айкын жана өзүнүн жыйындысында баарын камтыган мүнөзгө ээ болууга тийиш.

4. Соттук-эксперттик уюмда соттук экспертизаны жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.

 

25-берене. Кошумча жана кайталап соттук экспертизаларды жүргүзүү

 

1. Корутундунун тактыгы же толуктугу жетишсиз болгондо, ошондой эле мурда изилденген жагдайлар боюнча жаңы суроолор чыкканда, ошол эле же башка экспертке тапшырылуучу кошумча экспертиза дайындалышы мүмкүн.

2. Эксперттин корутундусунун тууралыгына шектенүү пайда болгон учурда башка экспертке же башка эксперттерге тапшырылуучу кайталап экспертиза дайындалышы мүмкүн.

3. Кайталап соттук экспертизаны дайындоодо баштапкы корутундунун тууралыгына шектенүү төмөнкүлөрдөн улам болушу мүмкүн:

1) корутундунун иштин материалдарына каршы келиши;

2) бир нече соттук эксперттердин корутундуларынын ортосундагы карама-каршылыктар;

3) баштапкы соттук экспертизаны жүргүзүүдө процесстик мыйзамдардын бузулушу;

4) корутундунун ички карама-каршылыктары (корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүнүн);

5) объектти изилдөөнүн толук эместиги;

6) зарыл учурларда изилдөөнүн заманбап натыйжалуу ыкмаларын, эксперттик изилдөөнүн усулдарын колдонбогондук.

4. Башка негиздер боюнча кайталап соттук экспертиза дайындоого жол берилбейт.

5. Кайталап соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) тергөөчүнү, прокурорду, алгачкы текшерүүнү жүргүзүү органын же сотту кайталап эксперттик изилдөөгө түртмөлөгөн негиздер сыяктуу эле, жүйөөлөр да милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш. Соттук экспертизага жөнөтүлүүчү материалдардын ичинде баштапкы соттук экспертизанын корутундусу милдеттүү тартипте болушу керек.

 

26-берене. Комиссиялык соттук экспертизаны жүргүзүү

 

1. Комиссиялык экспертиза татаал эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл болгон учурларда дайындалат жана бир адистиктеги (профилдеги) бир нече эксперттер тарабынан жүргүзүлөт.

Комиссиялык соттук экспертиза бир нече эксперттер, бирок бир эксперттик адистиктеги экиден кем эмес эксперттер тарабынан жүргүзүлөт.

2. Экспертизанын комиссиялык мүнөзү аны дайындаган орган (жак) же болбосо соттук-эксперттик уюмдун жетекчиси тарабынан аныкталат.

Эксперттердин комиссиясы өзүнүн алдына коюлган маселелерди чечүү зарылдыгына жараша алдыдагы изилдөөлөрдүн максатын, ыраатын жана көлөмүн макулдашат.

3. Соттук экспертизаны жүргүзүү тапшырылган соттук эксперттердин комиссиясынын курамында ар бир эксперт алынган натыйжаларды кийин биргелешип талдоо менен изилдөөлөрдү толук көлөмдө жүргүзөт.

Жалпы пикирге келүү менен эксперттер эксперттердин биргелешкен корутундусун же корутунду берүү мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүсүн түзүшөт жана ага кол коюшат. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер пайда болгон учурда алардын ар бири же башкалар менен макул болбогон эксперт өзүнчө корутунду берет.

 

27-берене. Комплекстүү соттук экспертизаны жүргүзүү

 

1. Эгерде изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн билимдердин ар түрдүү тармактарын үйрөнүү зарыл болгон учурларда комплекстүү экспертиза дайындалат. Ал өз компетенциясынын чектеринде ар түрдүү адистиктеги эксперттер тарабынан өткөрүлөт.

2. Эгерде комплекстүү соттук экспертиза жолу менен маселени чечүү үчүн ар түрдүү соттук-эксперттик уюмдардын кызматкерлеринин катышуусу зарыл болсо, анда аны уюштуруу тергөөнү дайындаган орган (жак) аркылуу жүргүзүлөт. Соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) соттук экспертизаны уюштуруу менен алектенген жетектөөчү уюм милдеттүү түрдө дайындалат. Соттук экспертизаны дайындаган орган (жак) жетектөөчү уюмга бардык изилденүүчү материалдарды жиберет. Комплекстүү соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом (аныктама) соттук экспертиза жүргүзүүнүн бардык катышуучуларына жиберилет.

3. Комплекстүү соттук экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү соттук-эксперттик уюмдун жетекчисине же болбосо бир нече соттук-эксперттик уюмдардын жетекчилерине жүктөлөт.

4. Эксперттик уюмдун жетекчиси экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомго (аныктамага) ылайык берилген материалдар боюнча комплекстүү экспертиза өткөрүү жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алууга жана анын өткөрүлүшүн уюштурууга да укуктуу.

5. Комплекстүү соттук экспертиза ар түрдүү адистиктеги эксперттер тарабынан жүргүзүлгөндө, алардын ар бири өздөрүнүн атайын билимдеринин чектеринде изилдөөлөрдү өткөрүшөт. Комплекстүү экспертизаны жүргүзүүгө катышкан эксперттердин корутундусунда ар бир эксперт кандай изилдөөлөрдү жана кандай көлөмдө өткөргөнү, кандай фактыларды белгилегени жана кандай тыянакка келгени көрсөтүлөт. Комплекстүү экспертизаны жүргүзүүгө катышкан ар бир эксперт алар тарабынан өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн баяндамасын камтыган корутундунун ошол бөлүгүнө кол коет жана ал үчүн жоопкерчилик тартат. Көрсөтүлгөн комиссиянын эксперттеринин бири уюштуруучу-эксперттин ролун аткарышы мүмкүн; анын процесстик функциялары калган эксперттердин функцияларынан айырмаланбайт.

6. Жалпы тыянакты алынган натыйжаларга баа берүүгө жана ушул тыянакты туюндурууга компетенттүү эксперттер жасашат. Эгерде бир же бир нече эксперттер тарабынан аныкталган фактылар жалпы тыянактын негизи болуп саналса, бул корутундуда көрсөтүлүшү керек. Эксперттер ортосунда пикир келишпестиктер пайда болгон учурда алардын ар бири пикир келишпестикти пайда кылган бардык же айрым маселелер боюнча өзүнчө корутунду берүүгө укуктуу.

 

28-берене. Соттук-эксперттик уюмда соттук экспертизаны жүргүзүүдө

процесстин катышуучуларынын болуусу

 

1. Соттук экспертизаны жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдары тарабынан ушундай укук берилген жана буга соттук экспертизаны дайындаган органдын (жактын) кат жүзүндөгү уруксаты берилген процесстин катышуучулары болуусу мүмкүн. Бул учурда корутундунун кириш бөлүгүндө процесстин катышуучусунун статусу жана анын катышкандыгынын фактысы жөнүндө милдеттүү белги коюлат.

2. Соттук экспертизаны жүргүзүүдө катышкан процесстин катышуучулары изилдөөлөрдүн жүрүшүнө кийлигишүүгө укуксуз, бирок соттук экспертизанын предметине тиешелүү зарыл түшүндүрмөлөрдү бере алышат.

3. Соттук эксперт тарабынан корутунду түзүүдө, ошондой эле эгерде соттук экспертиза комиссиялык болуп өткөрүлүп жатса, соттук эксперттердин кеңешүү жана тыянактарын туюндуруу баскычында процесстин катышуучуларынын болуусуна жол берилбейт.

4. Эгерде соттук экспертизаны жүргүзүүдө катышкан процесстин катышуучусу соттук эксперттин ишине кийлигишкен учурда, соттук эксперт изилдөөнү токтотууга жана соттук экспертизаны дайындаган органга (жакка) процесстин көрсөтүлгөн катышуучусунун соттук экспертизаны жүргүзүүдө катышууга уруксатын жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүч жасоого укуктуу.

5. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн адамды жылаңачтоо менен коштолгон ага карата изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, ага ошол эле жыныстагы адамдар гана катыша алышат. Көрсөтүлгөн чектөө ошол изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышкан медициналык кызматкерлерге жайылтылбайт.

 

29-берене. Эксперттин же эксперттер комиссиясынын корутундусу жана

анын мазмуну

 

1. Зарыл изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин эксперт (эксперттер) өзүнүн атайын билимине ылайык изилдөөлөрдүн натыйжаларын баалоого негизделген ички ынанымы боюнча жазуу жүзүндө корутунду түзөт.

2. Корутунду эки нускада түзүлөт. Бир нускасы соттук экспертизаны дайындаган органга (жакка) жиберилет, экинчи нускасы соттук-эксперттик уюмда же соттук экспертте калат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат.

3. Корутундунун ар бир бетине соттук эксперт (эксперттер) тарабынан кол коюлат. Эгерде соттук эксперт соттук-эксперттик уюмдун кызматкери болсо, анын колу тыянактардан кийин соттук-эксперттик уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

4. Соттук эксперттин корутундусу кириш, изилдөө бөлүмдөрүнөн жана тыянактардан, ошондой эле атайылап жалган корутунду бергендиги үчүн же корутунду берүүдөн баш тартканы же качкандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө соттук эксперт (эксперттер) эскертилгени жана ага Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык соттук эксперттин укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөнү жөнүндө кол коймо эскертмеден турат.

Соттук эксперттин же эксперттердин комиссиясынын корутундусунда төмөнкүлөр чагылдырылуусу керек:

1) соттук экспертизаны жүргүзүлгөн убак жана жер;

2) соттук экспертизаны жүргүзүү үчүн негиз;

3) соттук экспертизаны дайындаган орган (жак) жөнүндө маалыматтар;

4) соттук экспертизаны жүргүзүү тапшырылган эксперт же эксперттер жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты, билими, адистиги, иш стажы, окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы, ээлеген кызматы);

5) эксперттин же эксперттер комиссиясынын алдына коюлган маселелер;

6) изилдөө объекттери жана экспертке соттук экспертизаны жүргүзүү үчүн берилген материалдар;

7) соттук экспертизаны жүргүзүүдө катышкан процесстин катышуучулары жөнүндө маалыматтар;

8) колдонулган ыкмаларды көрсөтүү менен изилдөөлөрдүн мазмуну жана натыйжалары;

9) натыйжаларды баалоо.

Эксперттин корутундусунун түзүмү жана мазмуну, анын ичинде комиссиялык, комплекстүү, кошумча жана кайталап соттук экспертизаларды жүргүзүүнүн натыйжаларын жол-жоболоштуруунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

30-берене. Корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү

 

1. Корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү төмөнкү учурларда түзүлөт:

1) эгерде коюлган маселе соттук эксперттин атайын билиминин чегинен тышкары чыкса;

2) соттук экспертке берилген материалдар корутунду берүү үчүн жараксыз же жетиштүү эмес болсо;

3) эгерде изилдөөлөрдүн усулдарын жана ыкмаларын илимий иштеп чыгуунун заманбап деңгээли коюлган маселелерди толук чечүүгө мүмкүнчүлүк бербесе;

4) коюлган маселелерди чечүүнүн илимий жактан иштелип чыккан усулу жок болсо;

5) эгерде белгилердин ашкереленген жыйындысы карама-каршылыктуу жана маселени маңызы боюнча чечүү үчүн жетишсиз болсо.

2. Корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү кириш, жүйөлөштүрүүчү жана корутунду бөлүктөн, ошондой эле атайылап жалган корутунду бергендиги үчүн же корутунду берүүдөн баш тартканы же качкандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө соттук эксперт (эксперттер) эскертилгени жана ага Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык соттук эксперттин укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөнү жөнүндө кол коймо эскертмеден турат.

3. Корутунду берүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүнүн материалдары боюнча кайталап соттук экспертиза дайындалышы мүмкүн.

 

31-берене. Материалдарды аткаруусуз кайтарып берүү

 

1. Материалдарды аткаруусуз кайтарып берүү төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:

1) соттук экспертизага берилген материалдарды процесстик жол-жоболоштуруудагы кемчиликтер;

2) тиешелүү адистер, жабдуулар, препараттар жок болгондо, бул тууралуу соттук экспертизаны дайындаган органга (жакка) дароо кабарландырылат;

3) соттук экспертизаны жүргүзүүнүн зарылдыгы болбой калган учурда тергөөчүнүн, прокурордун, алгачкы териштирүүнү жүргүзгөн органдын жазуу жүзүндөгү талабы болгондо.

2. Материалдарды, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралбаган негиздер боюнча изилдөө жүргүзбөстөн кайтарып берүүгө жол берилбейт.

 

32-берене. Соттук эксперттин корутундусунун тууралыгынын жана

калыстыгынын кепилдиги

 

Соттук эксперттин корутундусунун тууралыгы жана калыстыгы төмөнкүдөй кепилденет:

1) соттук эксперттин тапшырманын маңызы боюнча изилдөөнү толук жана ар тараптуу өткөрүүгө жана изилдөөнүн жүрүшүн жана натыйжаларын процесстин катышуучуларына түшүнүктүү формада баяндоо менен жазуу жүзүндө корутунду берүүгө милдеттенгени менен;

2) соттук эксперттин тыянактарынын тууралыгы жана корутундунун мазмуну үчүн жеке жазык жоопкерчилиги менен;

3) соттук экспертизаны жүргүзүү үчүн берилген материалдардын жана маалыматтардын аныктыгы жана толуктугу менен;

4) баштапкы маалыматтар толук эмес жана карама-каршылыктуу болгон учурда соттук эксперттин кошумча маалыматтарды берүүнү талап кылуу укугу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда соттук эксперттин корутунду берүүдөн баш тартуу укугу менен;

5) соттук эксперттин соттук экспертизанын тапшырмасынын маселелерин кайра туюндуруу жана өз демилгеси боюнча коюлган башка маселелерди чечүү укугу менен;

6) далил катары соттук эксперттин корутундусуна тергөөчүнүн, прокурордун, алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн органдын жана соттун акыркы бааны берүү укугу менен;

7) тергөөчүнүн, прокурордун, алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн органдын, соттун соттук экспертти суракка алуу, кошумча жана кайталап экспертизаларды дайындоо укугу менен;

8) иштин натыйжасына кызыкдар жактардын соттук экспертизаларды жокко чыгаруу жана дайындоо, кайталап жана кошумча соттук экспертизаларды дайындоо жөнүндө өтүнүч билдирүүгө укугу менен;

9) соттук эксперттин (экспертизаны жүргүзүүдө) сот, тергөө, башка мамлекеттик органдарга жана алардын кызмат адамдарына, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактарга көз карандысыздыгы менен.

 

4-глава
Соттук-эксперттик уюмдардын ишин каржылык, уюштуруучулук, илимий-усулдук жана 
маалыматтык жактан камсыз кылуу

 

33-берене. Соттук-эксперттик ишти каржылоо

 

1. Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдардын иши бюджеттик каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланат.

2. Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашыруу менен байланышкан кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу.

3. Башка соттук-эксперттик уюмдар жана соттук эксперттер тарабынан жүргүзүлүүчү соттук экспертизалардын наркына акы төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

 

34-берене. Соттук-эксперттик ишти уюштуруучулук жана

илимий-усулдук жактан камсыз кылуу

 

1. Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдардын ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Соттук экспертизаларды жүргүзүүнү илимий-усулдук жактан камсыз кылуу, ошондой эле соттук эксперттерди кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдарга жүктөлөт.

 

35-берене. Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдардын ишин

маалыматтык камсыз кылуу

 

1. Уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан уюмдар мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдардын жетекчилеринин суроо-талаптары боюнча соттук экспертизаларды өткөрүү үчүн зарыл маалыматтарды, өз продукциясынын үлгүлөрүн жана каталогдорун, техникалык жана технологиялык документтерин жана соттук экспертизанын усулдук жана ченемдик базасын түзүү жана жаңылоо үчүн зарыл башка маалыматтык материалдарды акысыз берүүгө милдеттүү. Мында мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырларды түзгөн алынган маалыматтардын ачыкка чыгарылбашын камсыз кылышат.

2. Мамлекеттик соттук-эксперттик уюм иш боюнча соттук экспертиза бүткөндөн кийин соттон, алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн органдан, тергөөчүдөн буюмдук далил болгон предметтерди эксперттик, илимий жана окутуучу-усулдук иште пайдалануу үчүн алуу жөнүндө өтүнүч жасоого укуктуу.

 

5-глава
Соттук-эксперттик иш жаатында эл аралык кызматташтык

 

36-берене. Соттук-эксперттик иш жаатында эл аралык кызматташтык

 

Соттук-эксперттик уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий жана усулдук маалыматтарды алмашуу, соттук эксперттерди кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу максатында соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашыруучу чет мамлекеттердин органдары жана кызматтары менен биргелешкен эл аралык байланыштарды түзүүгө укуктуу.

 

37-берене. Чет мамлекеттин компетенттүү органынын тапшыруусу

боюнча соттук экспертизаны жүргүзүү

 

1. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим бар чет мамлекеттин компетенттүү органынын тапшырмасы боюнча соттук экспертиза жүргүзүлүшү мүмкүн. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде башкача каралбаса, мындай учурларда соттук экспертизаны аткаруучу өлкөнүн мыйзамдары колдонулат.

2. Соттук экспертизанын наркына акы төлөө тапшырыкчы менен соттук экспертизаны аткаруучунун ортосунда түзүлгөн макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.

 

38-берене. Чет мамлекеттин соттук эксперттерин тартуу менен соттук

экспертизаны жүргүзүү

 

1. Соттук экспертизаны дайындаган орган (жак) өз демилгеси боюнча же болбосо соттук-эксперттик уюмдун жетекчисинин өтүнүчү боюнча чет мамлекеттердин соттук экспертиза жаатындагы адистерин тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өтүнүч жасоого укуктуу.

2. Чет мамлекеттердин соттук эксперттеринин катышуусунда соттук экспертизаны жүргүзүү соттук экспертизаны аткаруучу өлкөнүн процесстик мыйзамдарында, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Соттук экспертизага катышкандыгы үчүн чет өлкөлүк адистерге акы төлөө жана аны өткөрүү менен байланышкан башка чыгымдардын ордун толтуруу тараптардын макулдашуусу боюнча жүзөгө ашырылат.

 

6-глава
Корутунду жоболор

 

39-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев