2018-жылдын 13-апрелинде КРӨ караштуу МСЭКтын кызматкерлери «Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоого жардам берүү» темасына арналган тегерек столго катышышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында «Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоого жардам берүү» темасына арналган тегерек стол болуп өттү. Аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы (КМЮА) уюштурушту. Тегерек столго Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын, Кыргызпатенттин кызматкерлери, КМЮАнын мугалимдери жана магистранттары катышты.

Тегерек столду өткөрүүнүн максаты интеллектуалдык менчикти коргоодогу актуалдуу укуктук маселелерди жана Кыргыз Республикасындагы интеллектуалдык менчикти коргоо ыкмаларын кароо болду.
Тегерек стол интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо адистешкен магистрант-студенттерге жана юристтерге багытталган. Баяндамачылардын докладдары угулган соң алар кызуу талкууланды жана катышуучулар каралып жаткан теманын актуалдуулугун жана бул багытта иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жыйынтыгында уюштуруучулар катышуучулардын суроолоруна жооп беришти жана ыраазычылыгын билдиришти.