2018-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын кызматкерлери Ысык-Ата районунун, Красная речка айылындагы Атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатында билим алып жаткан балдарга барып кезигишти. Ошону менен бирге 1-июнда ɵткɵрүлчү Бүткүл дүйнɵлүк балдарды коргоо күнүнүн алкагында кызматкерлердин атынан, мекемеде тарбияланып жаткан балдарына ДВД-плеер, ар кандай спорттук шаймандар, кийимдер, бут кийимдер, ошондой эле ар-кандай таттуу белектер тартууланды.