Бүгүн, 2017-жылдын 25-январында Соттук экспертизалар мамлекеттик борборунун жаӊы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов, Юстиция министри Уран Ахметов, Кыргызстандагы АКШ элчиси Шейла Гуолтни жана БУУнун Борбордук Азиядагы Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аймактык өкүлү кызыл тасманы салтанатту түрдө кесишти. Мындан тышкары ачылыш аземге мамлекеттик жана эл аралык органдардын, ММК жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ачылыш аземде Вице-премьер-министр О. Панкратов бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн реформалардын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишти өркүндөтүү тандалганын белгилөө менен бирге «Биздин негизги милдетибиз жүргүзүлгөн экспертизалардын сапатын жогорулатуу жана соттук-эксперттик ишти эл аралык стандарттарга ылайык келтирүүнү камсыздоо. Бириккен Улуттар Уюмунунун Баӊгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен кызматташууну улантууну (БУУ БКБ) Кыргыз Республикасындагы укуктук реформаны алдыга жылдыруудагы маанилүү кадам деп эсептейм», – деп баса белгиледи.
Соттук экспертизалар мамлекеттик борбору (СЭМБ) Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иштер чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашырууга, соттук-эксперттик ишти жүргүзүүгө жана мамлекеттеги соттук-эксперттик ишмердүүлүктү реформалоодо негиз болот.
Соттук экспертизалар мамлекеттик борбору Кыргыз Республикасынын негизги соттук-эксперттик мекемеси болуп саналат жана өлкөдөгү экспертизалардын 80 пайыздан ашыгын аткарат. Бүгүнкү күнгө чейин борбор 1940-жылы салынган эскилиги жеткен имаратта жайгашып келген. Баӊгизаттарын эл аралык жүгүртүү менен күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча АКШнын мамлекеттик департаментинин Бюросунун (INL) берилген финансылык жардамы менен жаӊы имараттын курулушу аягына чыгарылган (1300 чарчы метр). «Биз көрсөткөн жардам келечекте Кыргызстанга соттук-эксперттик лабораториялардын эл аралык аккредитациясын алууга жардам берээрине ишенич артабыз», – деп айтты өз сөзүндө АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни.
Андан соң СЭМБ жана БУУ БКБ өкүлдөрү жаңы ачылган имаратты жана материалдык-техникалык жабдууларды өткөрүп берүү актысына кол коюшту.
«Соттук экспертизалар мамлекеттик борборунун жаӊы имаратынын ачылышы бул мекеменин потенциалын жогорулатуу жолундагы биринчи гана кадам болуп саналат. Имаратты реконструкциялоого 685 000 АКШ доллары бөлүнгөн (48 млн. сом). Биз БУУ БКБга жана АКШнын Өкмөтүнө, кылмыш жаза жана жарандык иштер боюнча чындыкты далилдөөгө атайын билимдерди пайдалануу боюнча татаал теоретикалык жана практикалык милдеттерди чечүүдө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз», – деди Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметов. Мындан тышкары министр соттук-эксперттик ишмердүүлүктү жакшыртуу максатында СЭМБнун илимий-техникалык жабдуусун, соттук-эксперттик корутундулардын сапатын жогорулатуу; эксперттердин корутундулары эл аралык соттордо таанылтуу боюнча иштер жүргүзүлөөрүн билдирди.
Борбордук Азиядагы БУУ БКБнын регионалдык өкүлү Ашита Миталл билдиргендей БУУ БКБ соттук-эксперттердин квалификациясын жогорулатууга, соттук-экспертизалардын сапат менеджментинин тутумун түзүүгө жана эл аралык кызматташууга көмөк көрсөтөт жана 2015-2019-жылдары Борбордук Азия мамлекеттери үчүн программаны аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишмердүүлүктү бекемдөөгө колдоо көрсөтүп келет. «Биздин колдоо Соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун 2015-2018-жылдарга Концепциясын андан ары ишке ашырууга жана ISO 17025 боюнча эл аралык аккредитацияга СЭМБнун лабораторияларын даярдоо планын ишке ашырууга багытталган», – деп сөзүн аяктады Ашита Миталл.
Ачылыш аземи имаратты кыдырып кароо мене аяктады. Жаңы эки кабаттуу имаратта эксперттер үчүн жакшы шарттар түзүлгөн.