Бүгүн, 2018-жылдын 14-феврал күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматында 2017-жылдын ишмердүүлүк жыйынтыгы боюнча коллегиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араевтин, МСЭКнын жетекчилигинин, Юстиция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Саламатты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн жана МСЭКнын структуралык жана аймактык бөлүм башчыларынын катышуусунда болуп өттү.

Коллегияда МСЭКнын структуралык жана аймактык бөлүм башчыларынын отчёттору угулуп, 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата МСЭКнын жана коллегиянын иш планынын проектилери каралды.

Мындан тышкары, коллегиянын жыйын жүрүшүндө кызматкерлердин аткаруу тартибин жогорулатууга, соттук-эксперттик ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө, азыркы методологиялык базаны жакшыртууга, экспертизаларды жүргүзүү методикаларын унификациялоо, соттук экспертизалардын сапатын менен эксперттердин квалификациясын жогорулатууга багытталган МСЭКнын ишмердүүлүк деңгээлин жогорулатуу чаралары талкууланды жана МСЭКнын ишмердүүлүгүн негизги багыттары такталды.