КРӨ караштуу МСЭКнын төрагасы К. Мусаев Беларусь Республикасынын соттук экспертизалардын Мамлекеттик комитетинин чакыруусу боюнча 2018-жылдын 19-20-апрелиндеги «Соттук эксперттердин Евразиялык өнөктөштүгү: чакырыктар, көйгөйлөр, чечүү жолдору жана келечектеги өнүгүү» эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты. Конференциянын ишине 20дан ашык мамлекетердин өкүлдөрү катышышты (Азербайджан Республикасы, Армения Республикасы, Казахстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Беларусь Республикасы, Кыргыз Республикасы, Латвия Республикасы, Литва Республикасы, Молдова Республикасы, БАЭ, Россия Федерациясы, Сербия Республикасы, АКШ, Германия Федеративдик Республикасы, Швейцария, Финляндия Республикасы, Таджикистан Республикасы, Туркменистан, Узбекистан Республикасы, Украина, Черногория).

Конференция – тажрыйба алмашуу жана өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө форматында болуп өткөн. Бул иш чарада Кыргыз Республикасынын МСЭК менен Беларусь Республикасынын СЭМКнин ортосундагы мурда кол коюлган эки тараптуу кызматташтык жөнүндө макулдашуусун эске алуу менен, жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуудан чыккан маселелер талкууланган, ошондой эле эксперттердин кесиптик даярдоосун жана квалификациясын жогорулатуу жана эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларын жана ыкмаларын биргелешип иштеп чыгуу маселелери боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башка соттук-эксперттик мекемелери менен эки тараптуу кызматташтыктын маселелери талкууланды.