2018-жылдын 6-февралында МСЭКте төрага К.А. Мусаевтин Польша Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы соттук-изилдөө институтунун директорунун илимий-изилдөө иши боюнча орун басары, Европалык соттук илимий институттардын тармагынын (ENFSI) мүчөсү Д. Зуба менен жана «Баңгизат жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча чаралар» (EU ACT) ЕБ долбоорунун аймактык координатору Хосе Матенин катышуусу менен жолугушуу өттү.

Аталган жолугушуунун максаты 2018-жылга долбоорду ишке ашыруу үчүн мүмкүн болгон иш-чаралардын алкагында жакшыртуу үчүн мындан ары сунуштарды иштеп чыгуу, учурдагы кырдаал жана МСЭКтин ишмердүүлүгү менен таанышуу болгон.

Материалдардын, заттардын жана буюмдардын криминалистикалык экспертизалар бөлүмүндө өткөн жолугушуунун экинчи бөлүгүндө, ISO-17025 чегиндеги аккредитация өтүү үчүн даярдык боюнча, жана биздин республикада жолугушкан жаңы психоактивдик заттар (СПАЙС) жана алардын изилдөөсүнүн методикалары тууралуу суроолор талкууланган.