Бүгүн, 2019-жылдын 10-октябрында, КРдагы АКШ Элчилигинин саясий суроолор боюнча кеңешчиси Майка Сэвидж Баңги заттардын эл аралык жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү бөлүмүнүн (INL) атынан МСЭКке соттук экспертизаларды жүргүзүү үчүн жабдууларды берди.

МСЭКтин төрагасы А. Мусаходжаев көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди жана берилген жабдуулардын соттук экспертизаларды эффективдүү жана өз убагында жүргүзүлүшү үчүн маанилүү экендигин жана баалуулугун белгиледи.

Майка Сэвидж ошондой эле лабораториялык жабдуулардын МСЭКтин келечектеги эл аралык аккредитациясын алууга түрткү берилишине үмүтүн билдирди, жана соттук-эксперттик ишин өнүктүрүүдө INL тарабынан көмөк көрсөтүүгө даярдыгын белгиледи.