Соттук баллистикалык, трасологиялык жана жардыруу-техникалык экспертизалар бөлүмү

Кылмыштуулук менен күрөшүү Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын эң башкы милдеттеринин бири болуп саналат. Бул багытта өз кезегинде баллистика, трасология жана жардыруу-техникалык эксперттер маанилүү ролду ойношот. Алардын далилдик базаны түзүүдө эффективдүү иш алпарышы соттук жана тергөө органдарынын калыс чечим чыгарышына негиз түзөт.
Азыркы учурда ок атылуучу, ок атылбас куралдарды, жардыргыч заттарды жана ар кыл буюмдарды курал катары пайдаланып жасалган кылмыштардын саны аз эмес.
Терроризм, экстремизм, каракчылык, киши өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштардын бетин ачууда жана кылмышкерлерди издеп табууда укук коргоо органдарында шектүүлөрдү зыянсыздандыруу жана алардын каршылыгын жокко чыгаруу үчүн ок атылуучу куралдарды колдонуу зарылчылыгы пайда болот. Анткени шектүүлөрдүн да курал жарактары бар учурлар көп кездешет. Башкача айтканда куралдуу тирешүү келип чыгат. Мындай учурларда курал жарактардын, октордун жана жардыргыч заттарды кайсы түргө тиешелүү экендигин, алардын жарактуулугун, октордун кайсы куралдан кандай арлыкта жана шарттарда атылгандыгын жана башка суроолорду чечүү максатында соттук баллистикалык, трасологиялык экспертиза дайындоо зарылчылыгы келип чыгат.
Белгилүү болгондой кылмыш болгон жерде ар түрдүү издер калат. Соттук трасологиялык экспертиза кылмышкерди жана кылмышка тиешелүү ар кыл объектилерди алардын издерин табуу, аныктоо жана изилдөө аркылуу алардын бетин ачууга жана алдын алууга жардам берет.