Соттук кол жазмалар экспертизасы

        Соттук кол жазмалар экспертизасы – криминалисттик экспертизалардын эң көп таралган түрү. Соттук кол жазмалар экспертизасы жарандык жана кылмыш иштери боюнча чындыкты айкындоого жардам берет жана анын негизинде тергөө органдары жана сот маанилүү иш жагдайларын аныкташат.

          Бөлүмдүн эксперттери түрдүү кол жазмалардын, санариптик шарттуу белгилердин, документтердеги колтамгалардын аткаруучуларын жана документти түзүүчүнү аныктоо суроолорун чечишет. Жана ошондой эле кылмыш иштеринин бетин ачууга жана алдын алууга, жарандык талаш-тартыштарды чечүүгө байланыштуу ар кыл фактыларды (документтин түзүлүшүн, жазган адамдын абалын ж.б.) ачыкка чыгарууга жардам беришет. Кол жазмалар экспертизасынын ролу, жеке мүлктөр жасалма финансылык жана каттоо документтер аркылуу уурдалган иштерди тергөөдө жана алдын алууда чоң.

          Акыркы жылдары насыя берүү чөйрөсүндөгү кылмыштар көбөйүп, акча каражаттарын жасалма документтердин негизинде уурдоо массалык мүнөздө болууда. Азыркы убакытта экономика чөйрөсүндөгү кылмыштарды изилдөөдө жуздөгөн документтер далил катары алынат, андан тышкары тергөө органдары болжолдуу шектелүүчүлөрдүн тобун толук аныктай алышпайт. Мындай учурда изилдөө объектилери болуп кириш-чыгыш кагаздардагы, билдирмелердеги, коштомо документтердеги колтамгалар жана кол жазмалар саналат. Азыркы учурда келишимдер, финансылык документтер, мурас кагаздардагы колтамгалар жасалма жол менен аткарылат. Кол жазмалар экспертизасынын тажрыйбасында төмөндөгүдөй иш болгон: Бир жаран кылмыш кылып, анан чын дили менен мойнуна алаарын жазып берген. Тергөө органдары жарандын басым алдында же өзгөчө акыбалда болуп жазды деген күмөнү болуп экспертиза дайындашкан. Анткени адам кылбаган кылмышты мойнуна алган учурлар да кездешет. Изилдөөнүн жыйынтыгында эксперттерди таңдандырганы, башка адамдар үчүн өзгөчө болуп эсептелген спирт ичимдигине мас болгон акыбал, жаран үчүн кадимки эле акыбал болгон. Башкача сөз менен айтканда жаран аракеч болгондуктан ал үчүн соо акыбалда болуу кыйынчылыкка турган. Ошондуктан анын колдору титиреп, башы ооруп, өзүн жаман сезип турганда алынган колтамганын үлгүлөрү эксперттер тарабынан өзгөчө акыбалда коюлган деп кабыл алынган. Бул себептен тергөөчү кадимки колтамганын үлгүсүн алыш үчүн жаранды күнүмдүк акыбалга, башкача айтканда мас абалына алып келүүгө мажбур болгон.

         Акыркы өткөн президенттик шайлоодо Кыргыз Республикасынын БШК комиссиясынын курамына Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын кызматкерлери чакырылган. Алар колтамгаларды текшерип шайлоо процессин көзөмөлдөөгө жана таза өтүшүнө өз салымын кошушкан. Бардык колтамгалардын арасынан белгилүү бир пайызы эксперттерге текшерүүгө берилген. Кээ бир талапкерлердин жактоочулары колтамгаларды окшоштуруп жасашкан. Бул жагдайда колтамгалар кандай жол менен жасалмаланаарын айкын көрсө болот. Бир адам бир канча адамдын ордуна өз колун койгон. Кээ бирлери колтамгасын өзгөртүүгө аракет кылышкан, ал эми кээ бири кооз уландыларды кошуп коюшкан. Алардын арасында таланттуу жасалмачылар да болгон. Алар ар бир колтамгага ар башка уландыларды кошуп билинбегендей кылып жасалмалоого аракет кылышкан. Бирок колтамганын белгилүү бир айырмачылыктары, мисалы калемдин басылышы, колтамганын узундугу ж.б негизинде колтамганын жасалма экендигин аныктоого мүмкүн болгон. Албетте алгачкы көз карашта жасалмалоо оңой менен билинбейт. Кылдат изилдөөнүн жыйынтыгында гана жасалма айырмачылыктар ачыкка чыгарылган.

         Ар бир жаны экспертиза кызматкерлер үчүн жаңылык. Анткени ар бир иш өз алдынча уникалдуу. Мындай жагдайда чыгармачыл мамиле менен аналитикалык сапаттар алдыңкы орунга чыгат. Колтамгалар боюнча экспертке анын бардык эс тутуму, ой жүгүртүүсү, көз көрүүсү, акылы талап кылынат.

         Кат – бул адамдын сүйлөөсүн атайын белгилер жана символдор аркылуу жазып калуу. Ар бир колжазмада ар бир аткаруучуга тиешелүү атайын белгилердин жыйындысы болот.

         Адам өз оюн жазып калуу үчүн кат таануусу керек. Ар бир адам өзүнүн жашоосунда өзүнө гана тиешелүү кат жазуу ыкмасын иштеп чыгат. Бул тарбиянын жана кат таануунун жыйынтыгы.

         Колтамга – бул жазуу адаттын жана кыймыл аракеттин негизиндеги колдун көнүмүш кыймылдарынын системасы.

         Ар бир адамдын колтамгасы жекече жана өзгөчө болот. Убакыттын өтүшү менен адамдын жазуу ылдамдыгы жана адатынын дэңгээли өзгөрөт, бирок белгилүү бир мүнөздөмөлөру баары бир сакталып калат. Колтамга туруктуулугу сакталат. Анын өзгөрүшүнө адамдын оорушу, жашы өтүшү, жаракат алышы, маданиятынын өсүшү себеп болот. Ар бир колтамганы изилдөө үчүн чоң эмгек талап кылынат. Бирок бактыга жараша биздин мамлекетибизде өзүнүн жумушун сүйгөн жана ар бир корутундуга чын дили менен мамиле кылган адистер бар.