Соттук-автотехникалык экспертизалар бөлүмү

Акыркы жылдары автоунаалардын түрлөрүнүн жана санынын өсүшүнө байланыштуу жол коопсуздугун сактоо жана жол кырсыктарын алдын алуу кыйындап баратат. Мамлекетибизде жол кырсыктарынын өсүшү да коркунуч туудурат. Башка унааларга караганда жол кырсыктарында жабыркагандардын саны кыйла көп. Мындан тышкары жарандар материалдык зыян да тартышат. Анын үстүнө мамлекетибиздеги жол тармагы мындай сандагы автоунааларга эсептелген эмес. Жолдордун техникалык абалы да бекитилген талаптарга жооп бербейт. Дагы бир себеп – бул, жол кыймылынын катышуучуларынын жолдо жүрүү тартибине баш ийбестиги.
Жол кырсыктарын кароо жана тергөө амалдарынын жүрүшүндө укук коргоо органдары соттук-автотехникалык экспертизанын жардамына кайрылышат.
Соттук-автотехникалык экспертиза – бул жол кырсыгы болгон жерде же сот жана тергөө органдары тараптан берилген материалдардын негизинде өткөрүлүүчү иш чаралар комплекси. Бул чаралар жол кырсыгынын механизмин, күнөөкөрүн жана ага себеп болгон шарттарды аныктоого жардам берет.
Автотехникалык экспертизанын негизги милдети – бул жолдогу коркунуч абалдын келип чыгышына себеп болгон бардык факторлорду жана шарттарды айкындоо. Ошондуктан эксперттер жол кырсыгына кабылган автоунаалардын техникалык абалын, кырсыктын механизмин жана катышуучулардын кыймыл-аракеттерин изилдешет.
Акыркы убакта жол кырсыгынын катышуучулары ар кыл жолдор менен кырсыкты өз пайдасына чечүү максатында автоунааларды жылдырып, издерди өчүрүп жана башка аракеттерге барышууда.
Автотехникалык эксперттер кырсык болгон жерди, автоунаалардын жабыркаган бөлүктөрүн кылдаттык менен изилдеп болуп өткөн кырсыкты толук түшүнүп жана анын келип чыгышынын себептерин жана күнөөкөрүн аныктай алышат. Жана ошондой эле атайын илим жана билимдерин пайдаланып айдоочулардын жана күбөлөрдүн кыймыл аракеттерин жана берген маалыматын так баамдай алышат.
Айдоочулар жоопкерчиликтен качуу максатында автоунааларды атайын бузуп же оңдоп жиберген да учурлар болот. Бирок, эксперттер автоунаанын техникалык абалын изилдөөдө, анын кайсы бөлүгү, качан, кандай себептен бузулгандыгын жана бузулган бөлүк менен жол кырсыгынын байланышы бар же жоктугун айкындай алышат.
Мындан сырткары, бөлүмдө унаа каражаттарындагы жана жол кырсыгы болгон жердеги издерди изилдөө (унаа-трасологиялык экспертиза) жүргүзүлөт.
Унаа-трасологиялык экспертиза криминалисттик экспертизалардын катарына кирет. Экспертизанын бул түрү унаалардын кагылышуу механизмин, алардын кагылышуудагы өз ара жайгашуусун жана кыймылда болгон же болгон эместигин, калган издер белгилүү бир унаага тийиштигин аныктоодо кайрылышат.
Автотехникалык жана унаа-трасологиялык экспертизалар жол кырсыктарына байланыштуу администрадивдик, кылмыш жана жарандык иштерди тергөөдө кеңири колдонулат.