Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын тарыхы

Кыргыз Республикасында криминалисттик экспертизанын түзүлүшү жана өнүгүүсү 1959-жылы башталган, анда Кыргыз мамлекеттик университетинин базасында Фрунзе илимий-изилдөө криминалисттик лабораториясы түзүлгөн, ал университеттин илимий-изилдөө секторунун курамына кирген. Лабораториянын негизги максаты болуп криминалисттик жана соттук автотехникалык экспертизаларды жүргүзүү болчу. Соттор, прокуратура органдары, партиялык, коомдук жана советтик уюмдар үчүн кылмыш жаза жана жарандык иштер боюнча экспертиза жүргүзүлгөн. Кыргызстанда соттук экспертизаны өнүктүрүүдө олуттуу ролду илимий-изилдөө криминалисттик лабораториясынын башчысы Р. М. Ланцман аткарган, ал 1959-жылы эксперттерге жана тергөөчүлөргө ' М. Брудный менен кош автордукта «Графикалык экспертизанын уюштуруучулук жана теориялык жактары» аттуу усулдук окутуу китебин чыгарган. Ал мезгилде илимий-изилдөө криминалисттик лабораториясы төмөнкүдөй экспертизалардын түрүн жүргүзгөн: 1. Соттук кол жазмалардын экспертизаларынын түрү. 2. Документтерди соттук техникалык изилдөө. 3. Соттук-трасологиялык изилдөө. 4. Соттук-автотехникалык экспертизалар. Прокуратура органдары, сот жана арбитраж үчүн криминалисттик экспертизаларды жүргүзүү менен бирге, лаборатория кылмыштуулуктун алдын алуу максатында профилактика иштерин өткөргөн. Мындан тышкары, республиканын сот-тергөө кызматкерлери үчүн лекциялар, семинарлар, кеп-кеңеш берүүлөр уюштурулуп турган. Илимий-изилдөө иш планы кылмыш-жазык укук жана жүрүм кафедрасы менен макулдашылып, андан кийин экономика-юридикалык факультеттин окумуштуу кеңешинде бекитилген. Лабораториянын башчысы жана илимий кызматкерлери-эксперттер-советтик укук кафедрасынын мугалимдери болушкан. Кызматкерлер лабораториянын башчысынын сунуштамасы менен КМУнун ректору тарабынан кызматка дайындалган жана ээлеген кызматынан бошотулган. Экспертиза жүргүзүү эрежеси атайын «Фрунзе илимий-изилдөө криминалисттик лабораториясында мамлекеттик криминалисттик экспертиза жүргүзүү жөнүндө нускамасы» (Фрунзе шаары, ФИИКЛ, 1959-ж., 7 бет) менен белгиленген. Кыргыз ССРинин Министрлер Советине караштуу Юридикалык комиссия 1963-жылдын июнь айында лабораториянын түзүлүшү тууралуу Кодекс иштеп чыккан. Аталган лаборатория расмий Соттук экспертизалардын республикалык илимий-изилдөө лабораториясы – СЭРИИЛ – деген аталышты алган. СЭРИИЛ түзүлгөнгө чейин бардык экспертизаларды бириктирип турган бирдиктүү уюм болгон эмес. Адистерди, эксперттерди (бухгалтерлерди, криминалисттерди, автотехниктерди) бир органга топтоо, эшондой эле эксперттик ишти илгери өнүктүрүү максатында 1963-жылдын 4-июнунда Кыргыз ССРинин Министрлер Совети Кыргыз ССРинин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Соттук-медициналык экспертизанын республикалык бюросунун криминалисттик лабораториясынын базасында жана Кыргыз ССРинин финансы министрлигине караштуу Бухгалтердик экспертизанын мамлекеттик бюросунда Соттук экспертизанын бирдиктүү илимий борборун түзүү боюнча токтом чыгарды. Ошентип, Кыргыз ССРинин Министрлер Советине караштуу Юридикалык комиссиянын Сот экспертизаларынын республикалык илимий-изилдөө лабораториясынын түзүлгөн күнү болуп 1963-жылдын 4-июну болуп калды. СЭРИИЛдин директору болуп Георгий Ферапонтович Кислый дайындалды. Ал бул мекемени 1963-жылдан тарта 1965-жылга чейин башкарган. Лабораториянын төмөнкүдөй түзүмү болгон: 1. Административдик башкаруу аппараты; 2. Криминалисттик экспертиза бөлүмү – бөлүмдүн башчысы А. Г. Шепелев; 3. Автотехникалык экспертиза бөлүмү – бөлүмдүн башчысы В. В. Песков; 4. Физика-техникалык, химия жана биологиялык экспертиза бөлүмү – бөлүмдүн башчысы И. В. Валяев; 5. Соттук-бухгалтердик экспертиза бөлүмү – бөлүмдүн башчысы А. К. Четвертаков. Ошол убакытта СЭРИИЛдин штатында 18 киши иштеген, анын ичинен директор менен эки эксперт гана жогорку билимге ээ болушкан. Ошол мезгилден тарта Кыргызстанда соттук экспертизанын өнүгүү этабы башталган, анткени Сот экспертизаларынын республикалык илимий-изилдөө лабораториясынын түзүлгөндүгү, ошондой эле илимдин ар кандай чөйрөсүндөгү адистеринин (юристтер, инженерлер, физиктер, химиктер, биологдор) биригүүсү соттук экспертизанын илгери өнүгүүсүн баштаган жана түрткү берген.