Бул документ соттук-эксперттик ишмердүүлүктө тажрыйба алмашууда, соттук эксперттерди даярдоо жана деңгээлин көтөрүүдө биргеликте иш алып барууга өбөлгө түзөт. Тараптар илимий жана практикалык маалыматтар мене да бөлүшүп турушат. Кыргызстандыктарды соттук-эксперттик бөлүмдөрдү реформалоо жана бир уюмдун составында иштөө тажрыйбасы өзгөчө кызыктырды. Андан тышкары кызыгуу жараткан жагдай эксперттик жана техникалык жабдуулар жана Соттук-эксперттик комитетке баш ийген Кадрларды даярдоо жана деңгээлин көтөрүү институту болду. Соттук экспертизалар мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы А. Жданованын сөзүнө ылайык кызматташуу келишими эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз катнашты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, жана ошондой эле соттук эксперттердинортосундагы кесипкөй жана илимий байланышты түзүүгө негиз болот.
Соттук-эксперттик кызматтын төрагасы К. Мусаев белгилегендей бул келишим өтө маанилүү. Беларустун соттук экспертизалар комитети жеткен тажрыйба жана жогорку натыйжа өзгөчө баалуу. Кызматтын төрагасы Беларусь соттук-эксперттик уюмдар системасын реформалоодо жеткен натыйжаны ийгиликтүү деп эсептейт. «Баса белгилей кетүүчү нерсе – бул бардык соттук-эксперттик бөлүкдөрдү бир ведомствого бириктирүүнүн мааниси зор. Биз Кыргызстанда бул жагдайда ката кетирген жокпуз деп эсептейм. Себеп дегенде алгачкы тажрыйба бизге көрүнүктүү жана бул жагдай бизге кубаныч туудурат», – деди төрага. Кыргызстан делегациясынын өкүлдөрү бир канча, анын ичинде баңги заттарын, мунай заттарын изилдөө, молекулярдык-спектралдык анализ лабораторияларын кыдырышты.