КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДЫК ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ

49-статья. Эксперт (адис)

1. Жарандык сот ишин жүргүзүүдө эксперт (адис) катары корутунду берүү үчүн зарыл болгон атайын билими бар жана ушул Кодексте каралган учурларда сот тарабынан дайындалган жак чыга алат.

2. Атайын жалган корутунду берген эксперт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине тартылышат.

59-статья. Далилдер

1. Мыйзамда белгиленген тартипте алынган жана алардын негизинде сот мыйзамда белгиленген тартипте тараптардын талаптарына же каршы пикирлерине негиз болуучу жагдайдын, ошондой эле иштин туура чечилиши үчүн мааниси бар башка жагдайлардын болгондугун же болбогондугун аныктай турган ар кандай фактылай маалыматтар далил деп эсептелет.

2. Бул маалыматтар тараптардын жана үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрү, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, жазуу жана буюм түрүндөгү далилдер, үн жана көрмө жазуулар, эксперттин (адистердин) корутундулары менен аныкталат.

3. Мыйзамды бузуу менен алынган далилдер юридикалык күчкө ээ эмес жана соттун чечими үчүн негиз болбойт.

61-статья. Далилдерди берүү жана талап кылуу

1. Далилдер тараптар жана ишке катышкан башка жактар тарабынан берилет.

2. Далилди талап кылуу өтүнүчүндө далил белгиленүүгө, ошондой эле иш үчүн мааниси бар кайсы кырдаалды өзү ырастай же жокко чыгара ала тургандыгы тууралу, далилди алууга тоскоолдук кылып жаткан себептер жана анын турган жери көрсөтүлүүгө тийиш. Максатка ылайыктуулугун эске алуу менен сот тарапка далилди алуу үчүн сурам берет. Сот тарабынан талап кылынып жаткан далил колунда болгон жак, аны сотко же сотко берүү үчүн тиешелүү сурамы бар жактын колуна берет.

3. Талап кылынып жаткан далилди бере албаган же сот белгилеген мөөнөттө бере албаган кызмат адамы же жарандар бул жөнүндө сурам алгандан кийин бир жуманын ичинде себебин көрсөтүү менен сотко билдирүүгө тийиш. Далил билдирилбеген учурда, ошондой эле далилди берүү жөнүндөгү соттун талабы жүйөөлүү эмес деп табылган себептер менен аткарылбаганда, буга күнөөлүү жана сот ишине катышкан жактар болбогон кызмат адамы же жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген администрациялык жоопкерчиликти тартышат. Администрациялык жазанын колдонулушу колунда талап кылынган далил болгон тиешелүү кызмат адамын же жарандарды аны сотко берүү милдетинен бошотпойт.

62-статья. Далилди табылган жеринде карап чыгуу жана иликтөө

1. Жазуу же буюм далилди сотко алып келүү мүмкүн эмес жана кыйынчылык туударган учурда, сот аны сакталган же жайгашкан жеринде карап чыгышы жана иликтеши мүмкүн.

2. Сот далилди тараптарга билдирүү менен жайгашкан жеринде карап чыгат жана иликтейт, бирок тараптардын келбей коюушу карап чыгуу жана иликтөө үчүн тоскоолдук кылбайт.

3. Зарыл болгон учурда карап чыгууга жана иликтөөгө эксперттер (адистер), күбөлөр жана процесстин башка катышуучулары чакырылышы мүмкүн.

4. Карап чыгуу жана иликтөө учурунда ошол эле жерде протокол түзүлөт.

63-статья. Далилдин тиешелүүлүгү

1. Сот берилген далилдердин иш үчүн мааниси барларын гана кабыл алат.

2. Эгерде күбөнү чакырууга, башка далилдерди талап кылууга өтүнүч кылса же аларды берсе, ал бул далилдер менен иш үчүн мааниге ээ болгон кайсы жагдайлар аныктала тургандыгын көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Ишке катышып жаткан жак тарабынан берилүүчү далилдер сот тарабынан иштин материалдарына тиркелет.

64-статья. Далилдерге жол берүү

Мыйзам боюнча иштин белгилүү бир жагдайлары далилдөө каражаттары менен ырасталууга тийиш болсо, башка эч кандай далилдөө каражаттары менен анын ырасталышы мүмкүн эмес.

71-статья. Далилди баалоо

Сот иште болгон далилдерди калыс, ар тараптан жана толугу менен карап чыгууга негизделген ички ишеними боюнча, мыйзамды жетекчиликке алуу менен баалайт. Сот үчүн эч кандай далил алдын ала белгиленген күчкө ээ болбойт.

75-статья. Жазуу жүзүндөгү далилдер

1. Иш үчүн мааниси бар жагдайлар жөнүндөгү маалыматтарды камтыган актылар, документтер, келишимдер, маалымдамалар, иш боюнча кат алышуу, башка документтер жана материалдар, анын ичинде факсимилдик, электрондук байланыш жана алардын анык экендигин аныктоого мүмкүндүк берүүчү башкача ыкма менен алынгандар жазуу жүзүндөгү далил болуп эсептелет.

2. Жазуу жүзүндөгү далилдер түп нускасында же тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмө түрүндө берилет. Эгерде каралып жаткан ишке документтин бир бөлүгүнүн гана тиешеси болсо, анда анын ошол бөлүгүнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет. Түп нускадагы документтер качан гана мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштин жагдайы мына ушундай гана документтер менен ырасталууга тийиш болгондо, ошондой эле башка зарыл учурларда соттун талабы боюнча берилет.

3. Ишке катышып жаткан жактын сотко берилген жазуу жүзүндөгү далилдеринин көчүрмөлөрү ишке катышкан, андай көчүрмөлөр жок болгон башка катышуучуларга жиберилет (тапшырылат).

4. Чет мамлекетте алынган документ, эгерде ал белгиленген тартипте мыйзамдаштырылган болсо, сотто жазуу жүзүндөгү далил деп таанылат.

Чет өлкөлүк расмий документтер Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде каралган учурларда мыйзамдаштыруусуз эле мыйзамда белгиленген тартипте сотто жазуу жүзүндөгү далил деп таанылат.

76-статья. Жазуу жүзүндөгү далилдерди чогултуунун тартиби

1. Ишке катышкан же катышпаган жактардан жазуу жүзүндөгү далилдерди талап кылууну соттон өтүнүп жаткан жак ал далилдерди белгилеп, аны өз алдынча алууга тоскоолдук кылып жаткан себептерди, жана эмненин негизинде далил ушул адамда же уюмда деп эсептеп жаткандыгын көрсөтүүгө тийиш.

2. Сот тарабынан жарандардан жана уюмдардан талап кылынып жаткан жазуу жүзүндөгү далилдер түздөн-түз сотко жиберилет.

3. Сот жазуу жүзүндөгү далилди талап кылууну соттон өтүнүп жаткан жакка ал далилди кийин сотко алып келүү үчүн алууга укук берген сурам бере алат.

80-статья. Буюм далилдери

1. Сырткы көрүнүшү, өзгөчө белгилери же турган турпаты, жайгашкан жери же башка белгилери менен иш үчүн мааниси бар жагдайды аныктоо каражаты болуп бере алган нерселер буюм далили деп эсептелет.

2. Буюм далилди берген же аны талап кылууну өтүнгөн жак бул далил менен иш үчүн мааниси бар кайсы жагдай аныктала тургандыгын көрсөтүүгө тийиш.

81-статья. Буюм далилдерин талап кылуу жана берүү тартиби

1. Кандайдыр бир затты далил катары ишке катышкан же катышпаган жактардан талап кылууну соттон өтүнгөн жак аны өзү алууга тоскоолдук кылып жаткан себептерди жана кайсы негизде ал зат бул жакта же уюмда деп эсептеп жаткандыгын көрсөтүүгө тийиш.

2. Жарандардан же уюмдардан сот талап кылган буюм далил түздөн-түз сотко берилет.

3. Сот буюм далилдерин талап кылууну соттон өтүнүп жаткан жакка ал далилди кийин сотко алып келүү үчүн алууга укук берген сурам бере алат.

88-статья. Экспертиза дайындоо

1. Ишти кароодо атайын билимди талап кылган маселелер пайда болгон учурда, сот тараптардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен экспертиза дайындайт. Зарыл болгон учурда бир нече эксперт дайындалат.

2. Эксперт катары иштин кандайча чечилишине таламдаш эмес, корутунду берүү үчүн зарыл билими бар ар кандай адам тартылышы мүмкүн. Ишке катышып жаткан жактар эксперт катары конкреттүү компетенттүү айкын адамды дайындоону соттон өтүнүүгө укуктуу.

3. Ишке катышып жаткан ар бир жак эксперт түшүндүрүүгө тийиш болгон суроону соттон суроого укуктуу. Эксперт корутунду берүүгө тийиш болгон маселелер чөйрөсүн сот аныктайт. Сот сунуш кылынган маселелердин четке кагылышынын жүйөөлөштүрүүгө милдеттүү.

4. Тарап экспертизадан өтүүдөн качкан учурда (экспертизага келбөө, эксперттерге изилдөө үчүн зарыл болгон буюмдарды бербөө ж. б.) жана иштин жагдайы боюнча ушул тарап катышпаса экспертиза жүргүзүү мүмкүн болбосо, сот кайсы тарап экспертизадан качып жаткандыгына, ошондой эле ал үчүн кандай мааниге ээ экендигине жараша аныктоо үчүн экспертиза дайындалган фактыны аныкталды же жокко чыгарылды деп табууга укуктуу.

89-статья. Экспертизаны дайындоо жөнүндө аныктама

1. Экспертизаны дайындоо жөнүндө сот аныктама чыгарат.

2. Сот экспертизаны дайындоо жөнүндөгү аныктамада соттун аталышын, экспертизанын дайындалган жерин, убакытын, ырастоо же жалганга чыгаруу үчүн экспертиза дайындалып жаткан фактыларды, экспертизанын аталышын, эксперт алдына коюлган маселелерди, эксперттин аты-жөнүн же экспертиза жүргүзүү тапшырылган эксперттик мекеменин аталышын, экспертке жиберилип жаткан материалдарды, экспертиза жүргүзүлүүчү мөөнөттү көрсөтөт.

3. Аныктамада корутунду берүүдөн баш тарткандыгы үчүн да, ошондой эле билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн да эксперт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигин тарта тургандыгы тууралуу судья же экспертизаны эксперттик мекеменин кызматкери өткөрүп жаткан учурда, анын жетекчиси тарабынан эскертилери көрсөтүлөт.

90-статья. Экспертизаны өткөрүү тартиби

1. Экспертиза адистештирилген эксперттик мекеменин кызматкерлери же эксперт катары сот дайындаган башка адистер тарабынан өткөрүлөт.

2. Сот ар кайсы билим тармактарынан бир нече экспертти дайындай алат. Эксперттер бири бири менен өз ара кеңешүүгө укуктуу.

3. Эгерде эксперттер бир тыянакка келсе, анда алар бир корутундуга кол коет. Башка эксперттер менен макул эмес эксперттер өзүнчө корутунду берет. Эгерде изилдөөлөрдүн жагдайына жараша зарыл мүмкүн эмес болсо же изилдөө үчүн материалдарды сотко алып келүү мүмкүн болбосо, экспертиза сотто же соттон тышкары жерде жүргүзүлөт.

4. Экспертиза эксперттик мекемеде өткөрүлгөн учурда бул мекеменин жетекчиси тарабынан эксперттик изилдөөнү өткөрүү тапшырылган конкреттүү эксперт же эксперттер экспертиза үчүн жоопкерчиликте болушат.

91-статья. Эксперттин милдеттери менен укуктары

1. Эксперт болуп дайындалган адам соттук чакыруусу боюнча келүүгө жана ага коюлган маселелер боюнча объективдүү корутунду берүүгө милдеттүү.

2. Бул корутунду берүү үчүн зарыл болгондуктан эксперт иштин материалдары менен таанышууга, ишти соттук териштирүүгө катышууга, суроолорду берүүгө, өзүнө кошумча материалдарды берүү жөнүндө соттон өтүнүүгө укуктуу.

3. Эгерде өзүнө берилген материалдар жетишсиз болсо же өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жетиштүү билдирмеге ээ болсо, эксперт корутунду берүүдөн баш тарта алат.

92-статья. Эксперттин корутундусу

1. Эксперт корутундуну жазуу жүзүндө берет.

2. Эксперттин корутундусу жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү жана алардын негизинде чыгарылган жыйынтыкты, сот алдыга койгон маселелерге негиздүү жоопторду дыкаттык менен жазылган сүрөттөп жазууларды камтууга тийиш. Эгерде экспертиза жүргүзүүдө эксперттер алардын алдына коюлбаган, бирок иш үчүн мааниси бар жагдайды аныктаса, анда ал бул жагдайлар жөнүндөгү жыйынтыктарын корутундусуна киргизүүгө укуктуу.

3. Эксперттин корутундусу соттун жыйналышында иликтенет, сот тарабынан башка далилдер менен катар эле бааланат жана сот үчүн алдын ала белгиленген күчкө ээ эмес. Соттун эксперттин корутундусуна макул болбогондугунун жүйөөсү иш боюнча чечимде же аныктамада келтирилет.

93-статья. Кошумча жана кайтадан экспертиза

1. Жетиштүү деңгээлде анык эмес же эксперттин корутундусу толук эмес болгон учурда, ошондой эле мурда изилденген жагдайларга карата жаңы суроо пайда болгон учурда сот тигил же бул экспертке тапшыруу менен кошумча же кайтадан экспертизаны дайындай алат.

2. Кошумча же кайтадан экспертиза ушул Кодекстин 90-92-статьяларынын талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.

94-статья. Комиссиялык экспертиза

1. Комиссиялык экспертиза бир нече эксперт тарабынан аткарылат. Ал кыйла көлөмдөгү тажрыйба жана изилдөө иш-аракеттерин жүргүзүүнү талап кылган татаал эксперттик изидөөлөрдү жүргүзүү зарыл болгон учурда аткарылат.

2. Аны аткарууда эксперттер өз ара бири бири менен кеңешишет. Эгерде эксперттер жалпы жыйынтыкка келишсе, анда бир корутунду жазып, ага кол коюшат.

3. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер пайда болгон учурда, алардын ар бири пикир келишпестикти пайда кылган маселе боюнча өз-өзүнчө корутунду беришет. Мында сот эксперттерден кошумча түрдө түшүндүрмө талап кылууга же башка эксперттерди дайындоого укуктуу.

4. Эксперттердин курамына кирбеген адамдардын эксперттик изилдөөлөрдү толугу менен же жарым-жартылай жүргүзүшүнө жол берилбейт.

94-1-статья. Комплекстүү экспертиза

1. Эгерде иш боюнча жагдайды аныктоо бир эле учурда билимдин ар кандай тармактарын пайдалануу менен же билимдин бир тармагынын алкагында ар кандай илимий багыттарды пайдалануу менен изилдөө жүргүзүүнү талап кылса, анда сот тарабынан комплекстүү экспертиза дайындалат. Комплекстүү экспертиза бир нече эксперттерге тапшырылат.

2. Комплекстүү экспертизанын корутундусунда ар бир эксперт кандай изилдөөлөрдү кандай көлөмдө жүргүзгөндүгү жана кандай жыйынтыкка келгендиги көрсөтүлүүгө тийиш. Ар бир эксперт корутундунун өзүнүн изилдөөлөрүн камтыган бөлүгүнө жана жалпы жыйынтыкка кол коет. Эксперттердин арасында пикир келишпестиктер болгон учурда изилдөөлөрдүн натыйжалары ушул Кодекстин 94-статьясынын 3-пунктунун эрежелери боюнча жол-жоболоштурулат.

188-статья. Эксперттин корутундусун иликтөө

1. Эксперттин корутундусу сот отурумунда жарыя кылынат. Түшүндүрүп берүү жана корутундуну толуктоо максатында экспертке суроо берилиши мүмкүн.

2. Биринчи болуп арызы боюнча эксперт дайындалган жак жана анын өкүлү суроо берет, андан кийин ишке катышкан башка жактар жана алардын өкүлдөрү беришет. Соттун демилгеси боюнча дайындалган экспертке биринчи болуп доогер жана анын өкүлү суроо берет.

3. Сот экспертке аны суракка алуунун бардык учурунда суроо берүүгө укуктуу.

4. Эксперттин корутундусу сот отурумунда иликтенет жана башка далилдер менен катар эле сот тарабынан бааланат жана сот үчүн күн мурунтан белгиленген күчкө ээ эмес. Эксперттин корутундусуна соттун макул эместигинин жүйөөсү иш боюнча чечимде же кошумча жана кайталап экспертиза дайындоо жөнүндө аныктамада көрсөтүлүшү керек.

189-статья. Кошумча жана кайталап экспертиза өткөрүү

1. Корутунду так эмес же толук эмес болгон учурда сот кошумча экспертиза дайындай алат, аны өткөрүү ошол эле же башка экспертке тапшырылат.

2. Эгерде сот эксперттин корутундусуна анын негизсиздиги боюнча макул болбосо, ошондой эле бир нече эксперттердин корутундуларынын ортосунда карама-каршылыктар болгон учурда ал кайталап экспертиза дайындай алат. Кайталап экспертиза өткөрүү башка экспертке же башка эксперттерге тапшырылат.