4-июнда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы өзүнүн ардагерлеринин жана кызматкерлеринин, Башкы прокуратуранын, Юстиция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Экономика министрлигинин, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын, Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматынын, БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өлкөнүн соттук-эксперттик кызматынын түзүлгөндүгүнүн 55-жылдыгын белгиледи.

Иш-чарада МСЭКнын төрагасы К. Мусаев куттуктоо сөзү менен кайрылып, МСЭКнын ардагерлерине, кызматкерлерине, мамлекеттик органдардын жана БУУ БКБнын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишмердүүлүктүн түзүлүп өнүгүшүнө чон салым кошконуна ыраазычылыгын билдирди да, ошондой эле соттук-эксперттик ишмердүүлүктүн, укук коргоо жана сот системасынын ажырагыс бөлүмү катары, сот адилеттигин аткаруу учурунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо менен укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо мааниси өтө чон деп белгиледи.

Өз кезеги менен салтанаттуу мааракенин коноктору да Кызматтын 55-жылдыгы менен куттуктап, айрым кызматкерлерине мекемелик сыйлыктарын ыйгарышты.
Ошондой эле МСЭКнын ардагерлери жана жогорку ийгиликке жетишкен кызматкерлери медал жана грамоталар менен сыйланды.