Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын делегациясы төраганын орун басары А. Медеров башчылыгында 2018-жылдын 20-21-июнунда Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташуу уюмунун катышуучу-өлкөлөрүнүн соттук-экспертиза тармагында өнөктөштүк келечеги тууралуу суроолорго арналган Эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышууда.

          Конференциянын ишине Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Украинанын жана Беларусь Республикасынын соттук-эксперттик мекемелеринин өкүлдөрү катышууда.

            Конференциянын сессияларынын учурунда иш чаранын катышуучулары соттук-эксперттик ишин өнүктүрүү, соттук экспертиза сапатын көзөмөлдөө системасын жакшыртуу, соттук психиатрия жана наркологиянын өнүгүү келечеги тууралуу суроолорду, ошондой эле соттук-эксперттик иштин терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүдө ролун жана ШКУнун алкагында соттук-эксперттик иш тармагында кызматташуу жолдорун талкулоодо.

         Иш чаранын аяктоосу менен катышуучулар үчүн соттук экспертизанын ар кандай түрлөрү боюнча изилдөө өткөрүү үчүн лабораториялык жабдуулардын көргөзмөсү уюштурулат.